Menu

Косовонун эгемендүүлүгүн тааныгандардан 9 өлкө чечимин жокко чыгарды

Бөлүшүү:

Батыш өлкөлөрүнүн Сербиянын Косово Республикасынын эгемендүүлүгүнө байланышкан дипломатиялык иштерин токтотуусун талап кылды. Бул тууралуу Сербиянын Тышкы иштер министри Ивица Дачич билдирди.

2008-жылы Сербиядан бөлүнүп, өз алды-чалыгын жарыялаган Косово Республикасын серб бийлиги тааныбай келет. Бирок БУУга мүчө 100дөн ашуун мамлекет расмий түрдө Косовонун эгемендүүлугүн тааныган. Серб бийлиги бир катар мамлекеттердин башчылары менен жолугушууларды уюштуруп, аларды Косовону эгемендүү мамлекет катары тааныбоого чакырууда. Ивица Дачич журналисттерге берген маегинде:

«Косово Батышка мени арызданып жатат. Алар менден муну токтотууну талап кылып жатат. Себеби бул албандарды кыжырдантууда. Эмне, биздин бул чакырыгыбыз туура эмес болуп, алардын Косовону таануу чакырыктары жана аны эл аралык уюмдарга кошуу демилгелери туура болуп калабы?»-деп нааразылычылыгын билдирди.

Министрдин маалыматында, Косовонун эркиндигин тааныган мамлекеттердин тогузу кайра баш тартышты. Алар: Доминик, Суринам, Либерия, Сан Томе жана Принсипи, Гвинеа Бисау, Бурунди жана Папуа өлкөлөрү. Натыйжада, Косовонун эгемендүүлүгун тааныган мамлекеттердин саны 102ге түштү.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − 9 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: