Menu

“Чет өлкөгө жумушка орноштурам” деп алдап жүргөн жаран кармалды

Бөлүшүү:

«Оками» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Н. Нурланов «алдамчылыкка» шектелип кармалды. Бул тууралуу Финансы полициясы маалымдады. Мекеме тараткан маалыматка ылайык, «Оками» ЖЧКсы жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштурууга жөнөтүп турууга укуктандырган лицензияны 2017-жылы алган. Бирок, «Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу» жөнүндө жобону бузгандыгы үчүн 2018-жылы фирманын ишмердүүлүгү токтотулганы менен жарандардын ишенимине кирип алып мыйзамсыз ишкердик менен алектенип келген. Натыйжада 340 миң сом, 1 миң 396 евро жана 300 доллар өлчөмүндө зыян алып келген. Андан сырткары, кошумча киреше табуу максатында жасалма диплом жана сунуштама каттарды жасап жүргөнү аныкталган. Жогорудагы иш боюнча «Оками» фирмасынын жетекчиси Нурлановго Кылмыш-жаза кодексинин «Мыйзамсыз ишкердик жүргүзүү», «Алдамчылык», «Документтерди жасалмалоо» беренелери менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − 43 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: