Menu

Өз принциби бар, такшалган саясатчы Иса Өмүркуловду КСДПнын бир ууч саясый кеңеши партиянын катарынан легитимсиз чыгарды

Бөлүшүү:

Элдин ишениминен ажыраган СДПКнын ичиндеги “ириткилер” түрдүү “трюктарды” жасаганга аракеттенүүдө. Аны фракция лидери Иса Өмүркуловго жасаган мамилесинен көрдүк. «Форумдагы» бир «кучка» саясий кеңеш кыйсыпыр түшүп, Өмүркуловду мыйзамсыз негизде партиядан чыгарды. Кызыгы, ошол күндөн бери кылдан кыйкым, жумурткадан кыр таппай турган «топтор» учурдагы партиянын мышык ыйлай турган кейиштүү абалына дароо бийликти кыпчый коюп, депутат Асылбек Жээнбековду негизги күнөөкөр катары көрсөткөнгө аракеттенип баштады. Бул элди ирите турган эски саясаттын кайрадан жанданганын көрсөттү.

Каралоо, көө жабуу ишине Мээрбек Мискенбаев менен Адил Турдукулов өңдүү мадырабаштар активдүү аралашып, адаттагыдай бакырып-өкүрүп, «чү» деген жерден эле «бийлик күнөөлүү, ситуацияны курчутуп жатышат» деп тоту кушча сайрап чыгышты.

Ал эми Мээрбек Мискенбаев эмне үчүн «үрүп» чыкканын айтып отуруунун кажети жок, анын ким экенин көпчүлүк дурус билет.

Айтор, элдин колдоосуна ээ болбой калган «соцдемчилердин» бир бөлүгү чөгүп бараткан «кожосун» кантип куткаруунун айласын таппай будуң-чаң түшүп, мыйзамсыз кадамдарды жасай баштады. Бирок, фракция лидери Иса Өмүркулов «бул шоуну» чымын чакканчалык көргөн жок. Бул иште саясий элита менен жалпы эл дагы Иса мырзаны колдоду. Айтсак, жаш депутат Жанар Акаев: «Партиядан чыгарылуу Өмүркулов үчүн трагедия эмес» деди.

Учурда партиянын чечими легитимсиз экени ачыкка чыгууда. Тактап айтканда, Иса Өмүркуловдун партиядан чыгарылганы тууралуу расмий документ жок болууда. Андайдын болушу да мүмкүн эмес экен. Себеби, партиянын уставы боюнча саясий кеңештин жарымынан көбү катышканда кворум түзүлүп, кандайдыр бир маселе чечилет. Маалыматка караганда, СДПКнын саясий кеңеши 37 кишиден турат, анын 19у келиш керек. Азыркы маалда анын 18и эмес, 8 мүчөсүн чогултуу оор. Демек, Иса Өмүркуловдун партиядан чыгарылышы мыйзамдуу эмес, жөнөкөй шоу катары ганауюштурулганын баамдасак болот.

Дем алыш күнү белгилүү серепчи, саясат илимдеринин кандидаты Орозбек Молдалиев КТРге чыгып: «Иса Өмүркулов саясий кеңештин чечими легитимсиз деди, негизи азыркы учурда СДПКнын саясий кеңешинин өзү легитимсиз» деп чындыктын бир чекес,ин сыйрыды. Бул сөздө угут бар, анткени СДПКнын миңдеген мүчөлөрү коррупционерлерден тазалануу үчүн «Атамбаевсиз болобуз» деген ураан көтөрүп жаткан маалда саясый кеңеш  кимге таянып сүйлөй алат? Алар “бир кучка” эле болуп  калды да. Баса, Молдалиев: «Иса Өмүркулов дагы оңой саясатчы эмес, анын да шайлоочулары, калдайган эли бар» деп туура айтты.

СДПКнын дагы бир бет тырмоочулугу Икрам Илмияновдун ишинен байкалды. Анын «жең ичинен» алган акчасын Президентти шайлоо штабына оодарганга аракет кылып жатышат. Бул жерде СДПК тойгончо жеп алып, анан өлгөнчө каргана тургандыгын тастыктоодо.

Дегенибиз, бир жыл мурун депутат  Момбеков: «СДПКга Кытай өлкөсү 5 млн. доллар жардам берген» десе, Фарид Ниязов: «Жок, акча парламенттеги фракцияга берилген» деп актанган. Кийин Жогорку Кеңеш: «Бизге эч кандай акча келген эмес» деп, булардын абийирин айрандай төккөнүн билебиз. Бирок, ал иш ошол бойдон тынчып кеткен, аны азыр териштириш керек. Себеби, партияга сырттан каражат алуу мыйзамга каршы келет.

Кыскасы, өзүнүн күнөөсүн башкага төңкөрө салуу жагынан СДПКнын мүчөлөрү абдан уста экени баарына маалым. Алжөндөмүн азыр абдан жакшы пайдаланып, мыйзамсыз чечимдин негизинде Иса Өмүркуловго кыр көрсөтуп, фракциядан кууганга аракеттенип жаткан чагы. Бирок, миң аракет кылса дагы азыр фракцияга эч кандай таасирин көрсөтө албайт.

Камчы Кадыров 

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 + = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: