Menu

Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясынын депутаты Алмасбек Акматовго кабыргадан коюлган суроолор…

Бөлүшүү:

Жалаң байлар топтолгон «Бир Бол» партиясынын ичинде Алмазбек Акматов деген бар. Канкор Бакиевдин учурунда президенттин иш башкармалыгына чейин жетип, Эсеп палатасын региондук башкармалыгын башкарып, «бакиевдердин кошолегу» деген каймана атка конуп, капчыгын өлө кампайткан. Барыбыз билгендей, ал учурда бакиевдердин үй-бүлөсүнө жакын кишилер гана кызматка туруп, ишенимдүү адамдар гана устукан алып келген. Анан бул Алмасбектин кандай жакындыгы бар деген суроону иликтеп көрсөк, Жаныштын шилекей алышкан досу экени каңкууланды. Албетте, алардын «ыры» бүткөн, бирок мамлекет алдында жасаган кыянаттыгы унутула элек. Анан ошондой кишилер менен байланышты бүгүнкү күнгө чейин үзбөй, тымызын колдоо көрсөтүп келе жатканы Кудайга жагабы? Же, эски күндү кайра калыбына келтирип, канкордун куйруктарын алып келүү тилеги барбы? Эгер эл алдында абийирим таза десе төмөнкү суроолорго жооп берсин.

—Алмасбек мырза, Жаныш Бакевдин «желдети» болгонуңузду моюнга аласызбы? Бакиев доорунда Эсеп палатасындагы таасирдүү адамдын бири сиз болгонуңуз айтылат. Кол келип турганда канча байлык топтой алдыңыз? 7-апрелде ондогон жигиттердин өмүрүн кыйган «айтылуу» досуңуз Жаныш Бакиев менен азыр дагы байланышып, алака-катыш жасап турасызбы?

Зулпукаар Сапанов

Булак: “Мантыш”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: