Menu

Хорогдо милициянын огунан эки киши жаракат алганы кабарланууда

Бөлүшүү:

Тоолуу-Бадахшан автоном облусунун бийлиги милициянын ишине тоскоолдук кылган Хорогдун эки тургуну кармалганын билдирди. Ошол эле маалда айрым басылмалар Тажикстан ИИМинин кызматкерлери жергиликтүү тургундарга карата ок чыгарып, эки киши жаракат алганын кабарлашууда.

«5-ноябрь кечинде Хорогдун жаштарынан турган топ шаардын борборуна чогулуп, ал жакка орнотулган милиция тосмосун алууну талап кылышкан. Милиция кызматкерлери эскертүү катары травматикалык куралдан ок чыгарышкан», — деп билдирди Тоолуу-Бадахшан автоном облусунун акимчилигинин басма сөз катчысы Голиб Ниятбеков.

Ал милиция кызматкерлери мас абалында ок аткандыгы жана шаардын эки тургуну жаракат алгандыгы тууралуу билдирүүлөрдү четке какты. «Милиция коомдук тартипти бузган эки адамды кармады. Акимчиликтегилерде бул окуя боюнча маалымат бар. Учурда укук коргоо органдары кармалгандардын уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар-жоктугун текшерүүдө», — деп кошумчалады Ниятбеков.

Бүгүн «Фергана» маалымат агенттиги облустук акимчиликтеги өз булактарына таянуу менен Хорогдун эки тургуну жаракат алганын жазган. Басылманын маалыматына караганда, аларга карата ИИМдин атайын даярдыктагы бөлүгүнүн командири ок чыгарган.

​Агенттик жергиликтүү тургундар жөнөткөн жарадар адамдардын сүрөттөрүн жарыялаган. «Хорогдугдардын айтымдарында, алар шаарды укук коргоо кызматкерлеринен тазалоо үчүн митингдерге чыгууга ниеттенип жатышат», — деп жазды басылма. Азырынча тажик ИИМи бул окуя тууралуу билдирүүлөр боюнча комментарий бере элек.

Эки жума мурда Тажикстан бийлиги автоном облустун бейрасмий лидерлеринен кылмыштуу аракеттерден баш тартууну талап кылып, болбосо аларга карата катаал жазалар колдонула турганын эскерткен. Бадахшан телеканалы билдиргендей, мындан соң алар бийлик тарабынан даярдалган документтерге кол коюп беришкен.

Анда бийликтин кылмыштуу топтордон баш тартуу, ошондой эле жаштарды массалык башаламандыктар менен мамлекеттик объектилерди басып алууга чакырууну, бийлик өкүлдөрүн кемсинтүүнү, маңзат жана курал-жарак сатууну токтотуу талаптары жазылган.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: