Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү мамлекетке ири өлчөмдөгү зыян келтиргендиги аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка караганда, Кылмыш-жаза кодексинин 304, 171, 189, 350, 306 жана 315-беренелери боюнча козголгон кылмыш ишин тергөөдө Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын көчмө механизацияланышкан колоннасынын жана “САСЭМ” жабык акционердик коомунун оңдоп-түзөө ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүлгөн.
Жыйынтыгында, алдын ала эсептөөлөр боюнча мамлекетке 10 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталган.
Учурда тергөө иштери уланууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ