Македониянын Тотево шаары Европанын эң абасы булганыч шаары болду. Бул тууралуу numbeo.com сайты окумуштуулардын билдирүүлөрүнө таянып, жазып чыкты.
Анын аркасынан Неаполь шаары жана Македониянын борбору Скопье шаары жайгашты.
Тизменин лидеринде абанын булгануусунун көрсөткүчү 97,57 баллды түзөт, ал эми экинчи жана үчүнчү орундагы шаарлардыкы 84,61 жана 82, 17 баллды түзөт.
Аба эң кир болуп саналган 10 шаардын катарына Албаниянын Тирана шаары, Италиянын Турин шаары, Румыниянын Бухарести, Босния жана Герцоговинанын борбору Сараево, Польшанын Краков, Болгариянын Пловдиви жана Украинанын борбору Киев кирди.
Москва менен Санкт-Петербург тизменин 17-жана 19-орундарында жайгашышты.
Экологиянын көз карашы боюнча эң таза аба Цьюрих, Рекьявик жана Хельсинки шаардарында.
Буга чейин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жасаган докладда жогоруда аталган Тотево, Босниядагы Тузлин жана Скопье шаарлары дүйнөдөгү дем алууга эң оор 10 шаарынын катарына кирген.
Кыргызчалаган:Kyrgyztoday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ