Бүгүн, 6-ноябрда КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин 3 жаңы орун басары дайындалды.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Солтонбекова Ализа Карыпбековна, Токтосартов Камалдин Акунович, Алыбаева Жаңыл Ишенбековна Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басарлары болуп дайындалды.
Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ