Menu

ЕБ Түркиянын Евробиримдикке киришин реалдуу эмес деп атады

Бөлүшүү:

Евробиримдиктин кеңейүү иштери боюнча комиссары Йоханнес Хан келечекте Түркиянын ЕБга кириши мүмкүн эмес экенин билдирди.

Die Welt немис басылмасына берген интервьюсунда ал Түркиянын ЕБга мүчө болуп кириши тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн көрө, стратегиялык өнөктөштүк боюнча иш алып баруу адилеттүү болмок экенин белгиледи. Хан учурда Түркия менен европалык интеграция тууралуу байланыштар токтоп турганын мойнуна алды.

Түркиянын ЕБга кошулушу боюнча сүйлөшүүлөр 2005-жылы башталган. Йоханнес Хан Анкара автократиялык багытка бет алууда деп эсептейт. Мындан улам Франция жана Австрия сыяктуу өлкөлөр анын биримдикке киришине караманча каршы чыгышууда.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 + = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: