Menu

Турсунбек Акун: Элдик курултайды конституцияга киргизүү-курултайдын негизги максаты

Бөлүшүү:

5-ноябрда Туруктуу Элдик Кеңеш (ТЭК) уюмунун жыйыны болуп, 24-ноябрда өтө турган Элдик Курултайды өткөрүүгө уюштуруу комитети түзүлдү. Уюштуруу комитетине Кыргызстандагы белгилүү саясатчылар мүчө болуп киришти. Э.Каптагаев, Т.Акун, Ч.Абыкеев, К.Кошалиев, А.Малиев сыяктуу саясатчылардан жана уюмдардан 13 уюм кирди. Төрагасы болуп мурдагы УКМКнын жетекчиси Кеңешбек Дуйшөбаев шайланса, орунбасары болуп Кадыр Кошалиев. Кыскасы, курултайда 3 доклад окула турган болду. Уюштуруу комитетинин мүчөсү Турсунбек Акун мырза менен Элдик Курултайдын негизги максаты, анда жасала турган докладдар туурасында маек курганыбызда буларга токтолду.

—Турсунбек мырза, Элдик Курултайда 3 доклад жасалат деп жатасыздар, ал эмне болгон докладдар?

—Ооба, негизинен 3 доклад жасалат. Биринчи Атамбаевдин 6 жылдык президенттик ишмердүүлүгүнө байланыштуу докладды Эмилбек Каптагаев жасап, анын алып барган иштерине анализ кылат. Докладында саясий туткундар боюнча да кенен айтып кетет. Экинчи доклад азыркы президенттин ишмердүүлүгү боюнча болот. Бул жакта Сооронбай Шариповичтин ишмердүүлүгүнө анализ жасай тургандар көп болуп, алардын арасында Адахан Мадумаровдун да аты аталды. Бирок ал жерде отургандар каршы чыктык. Себеби, ал киши президенттикке талапкерлигин койгон, президентти бир жактуу сындап жүргөн жигиттердин бири, ошондуктан анын доклады калыс, бейтарап болбойт. Бейтарап доклад керек деп ТЭКти баштап келген Азимбек Бекназаровго токтолдук. Азимбек Анаркулович президент Сооронбай Жээнбековдун бир жылдык ишмердүүлүгүнө баа берип, анализ жасайт. Андан кийин Кыргызстан кандай өлкө кандай жолду тандап  алат, улуттук кайра жаралуу маселеси боюнча докладды Кадыр Кошалиев жасамай болду. 3 докладдан тышкары дагы бир доклад болот. Жогорку Кеңештин беш жылда иштеген ишмердүүлүгүнө баа берүү боюнча докладды ЖКнын 5-чакырылыштагы депутаты Равшан Жээнбековго дайындадык. Ал киши депутаттардын жасаган иштерине баа берип, Жогорку Кеңеш кандай мыйзамдарды кабыл алды, алардын ишмердүүлүгүн эл кандай кабыл алгандыгы, эмне кемчиликтер кетип, кандай ийгиликтер болгондугу туурасында сөз болот. Андан сырткары курултайдын ишин бөлүшүп алдык. Элдик Курултай боюнча кээ бир адамдардын амбициясын канааттандыра турган орган катары сүрөттөгөн туура эмес маалыматтар чыгып кетип жатат. Ошондуктан курултайдын түпкү максаты тууралуу журналисттерге кенен түшүндүрүп туура маалымат таркатуу милдети Кадыр мырзага жүктөлдү. Мен укук коргоочу катары, көп жылдан бери адам укугу чөйрөсүндө, саясий уюмдар менен иштешип келе жаткан коомдук ишмер катары, саясий уюмдар, партиялар, түрдүү саясий күчтөр менен кызматташууну, курултайга алып келүүнү, алардын канчасы кимдер менен келе алат, кимдер катышат, деги эле ушул жаатта координациялоо ишин мага тапшырышты.

24-ноябрда былтыр президенттин инаугурациясы болбоду беле, атайын ошол датаны тандадыңыздарбы?

—Жок, бул жөн гана дал келүү болуп калды. 24-ноябрда Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында болот. Курултайга 600-700дөй адам чакырылат. Бул коомдук-саясий уюмдар тарабынан уюшулуп жаткан курултай болгондуктан, партиялар, коомдук уюмдар, коомдук-саясий уюмдар, түрдүү коомдордун өкүлдөрү жер-жерлерден делегат катары чакырылат. Курултай кара кылды как жарган жакшы адамдардын жыйыны болуп эсептелет. Биз 1993-жылдан бери эле курултайга 700 адам келсе 700 адам курултайдын өзөгүн түзсө, кара кылды как жарган калыс адамдар президентти, премьер-министрди, ЖКнын төрагасын угуп, аларга баа берсе, курултайдын сунушу рекомендациялык мүнөздө болсо деген ойлорду айтып келе жатабыз. Бирок, тилекке каршы буга чейинки президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев дагы курултайдын ишине маани берген жок. Курултайды мыйзамдаштырып берүү жагын, конституцияга киргизип берүү, мыйзам кабыл алуу боюнча дагы кайдыгер мамиле кылып келишти. Айрыкча көп жыл иштеген 3 президент. Сооронбай Шариповичтин иштеп жатканына бир жыл болсо дагы өкмөттүк эмес уюмдар, бизнес өкүлдөрү, коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушканы кубандырат.

—Элдик Курултайдын түпкү максаты эмне?

—Курултай чоң иш -чара, эгерде Сооронбай Шарипович ушуга өтө маани берип, өзү келип сөз сүйлөп, бул курултайды даңазалап кетсе, анда курултай бүткүл бийлик менен кандайдыр бир деңгээлде кызматташа турган альтернативдүү болбосо да элдин бир жыйыны катары конституцияга кирип калса, менимче бул азыркы президенттин тарыхый иштеринин бири болуп калат эле. Элдик курултайдын негизги максаты болуп Элдик курултайды конституцияга киргизүү же курул тай боюнча атайын мыйзам кабыл алууга жетишүү эсептелет. Бийликтин 3 бутагы тең президент баштап Элдик Курултайдын алдында жылына бир жолу отчёт берип туруусуна жетишүү керек. Бул максат канча жылдан бери ишке ашпай келет.

Төлөбүбү Касымалиева

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − 53 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: