Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков бийлик менен журналисттердин ортосундагы ачык диалогду колдойт

Бөлүшүү:

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков журналисттерди 7-ноябрь маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады.

“Кыргызстанда массалык маалымат каражаттары коомдук жашоого чоң таасир берет, өнүккөн жарандык коомдун  маанилүү элементи болуп саналат. Алар коомдун көйгөйлөрү менен жашап, аларды чечүүгө жардам берип, маанилүү маалыматтарды оперативдүү жеткирип турушат,” – деп белгиледи президент.

Президент пресса менен бийликтин ортосундагы ачык диалог- биздин жумуштун өтө маанилүү бөлүгү деп эсептейт. “Массалык маалымат каражаттарысыз мамлекеттик башкаруу механизминин иштөөсүн элестетүүгө болбойт,”- деп белгиледи ал.

“Мамлекеттин өнүгүүсүнө багытталган реформаларды жүргүзүүдө, кыргызстандыктардын коопсуздугун камсыздоодо, ошондой эле укук коргоо органдарына коррупция менен күрөшүүдө көрсөткөн колдооңорду баалайбыз жана мындан ары дагы ММК булактарынын көмөгүнө үмүттөнөбүз,”- деп  жыйынтыктады өлкө башчы.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 24 = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: