30-октябрдан 3-ноябрга чейин Өзбекстандын Бухара шаарында өткөн 12 жашка чейинки өспүрүмдөр арасындагы “MINORAI-KALON CUP” эл аралык мелдешинде Оштун курама командасы 1-орунду ээледи.
Аталган мелдешке Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан барган 12 команда ат салышкан. Мелдештин жүрүшүндө Оштун курамасы Самарканддын командасын 3:1 жана Андижанды 3:0 эсеби менен уткан. Финалда Казакстандын командасы менен кез келип аны да 3:0 эсебинде жеңип алышкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ