Кечээ, 6-ноябрда Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары Ак-Талаа районуна караштуу Кайыӊды-Булак айылындагы имаратты мектеп катары пайдаланууга мамлекеттин карамагына өткөрүп берүү иш-чарасына катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, совет маалында аталган үч кабаттуу имарат мамлекетке таандык болсо, кийинчерээк жеке менчикке берилген. Ага ылайык, азыркыга чейин имаратка ээлик кылып келген Жогорку Кеӊештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев эми кайрадан аны мамлекеттин карамагына өткөрүүнү чечкен.
Эске салсак, мамлекетке биротоло кайтарылган имарат келечекте мектеп катары ачылып, жаӊы окуу жылында пайдаланууга берилет.
Кошумчалай кетсек, Төрага Дастанбек Жумабековдун Нарын облусундагы иш-сапарын Жогорку Кеӊештин депутаттары Камчыбек Жолдошбаев, Алтынбек Жунус уулу, Алмазбек Баатырбеков, Жыргалбек Турускулов, Автандил Кулбараков жана Абдыбек Дюшалиев коштоп жүрөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ