Ош облусунун Өзгөн районунда баңгизат менен кармалды деген имам үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка караганда, “Матисак-Ата” мечитинин имамы С.К кечээ 6-ноябрда үй камагына чыгарылган. Ага Кылмыш жаза кодексинин 246-беренесинин 3-бөлүмү (баңгизаттарын мыйзамсыз түрдө сактоо, ташуу, сатуу) боюнча козголгон кылмыш иши Өзгөн РИИБи тарабынан тергелип жатат.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 27-октябрында Өзгөн районундагы Жылалды айылынын 36 жаштагы тургуну баңгизат менен кармалган. Кармалган жаран аталган айылдагы “Матисак-Ата” мечитинде жамаат тарабынан оозеки түрдө шайланган имам болуп иштеп келген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ