Menu

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Тажикстандын Тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин эки тараптуу жолугушуу өткөрүштү

Бөлүшүү:

Кечээ, 7-ноябрда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Астана шаарында өтүп жаткан жыйынынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Тажикстандын Тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин эки тараптуу жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу КРдин Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер эки өлкөнүн ортосундагы тышкы саясат, маданият, соода-экономика тармактарындагы мамилелер боюнча сүйлөшүшүп, кыргыз-тажик кызматташтыгынын актуалдуу суроолорун талкуулашты.

Ошондой эле министр Ч. Айдарбеков акыркы учурда эки мамлекеттин мамилеси тыгыз байланышып, эки тараптуу иш алып баруулар болуп жатканын белгилесе, Тажикстандын Тышкы иштер министри С. Мухриддин бул жолугушуу эки тараптын келечекте иш алып баруусу боюнча сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк түзгөнүн айтты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: