Menu

Кочкорлук Бейшен Болотбеков Кочкорлук Турдакун Усубалиевдин атын Бишкектин Биринчи май районуна берүү сунушу менен чыкты

Бөлүшүү:

6-ноябрь күнү баш калаанын «Ала-Арча» көрүстөнүндө белгилүү инсан, бүтүндөй журтка жетекчиликтин бийик үлгүсүн жараткан маркум Турдакун Усубалиевдин туулган күнүнө карата эскерүү жараяны болуп өттү. Бул күнү кашкөй инсан 99 жашты багынтмак. Эскерүү иш-чарасына бир катар көрүнүктүү мамлекеттик саясый ишмерлер, маркумдун ага-тууган жакындары катышып, залкар жетекчинин 100 жылдыгына карата даярдыктарды көрүү, маркумдун арбагы ыраазы боло тургандай урунттуу иштерди жасоо демилгеленди. Жердештеринин атынан сөз алган Бейшен Болотбеков 25 жыл хан болгон мындай инсандын ысымын баш калаадагы Биринчи Май районуна берүү керектигин демилгелеп, коомчулукка идеясын жар салып чыкты. Каада-салттан кабары бар, калк ичинде кадыры бийик, ар убак калыс позициясынан тайбаган тажрыйбалуу Бейшен Болотбековдун көкүрөктөгү колдоого алчу идеясын өлкө жетекчилиги да эске алып, тез арада бул ишке көңүл бурушпаса болбойт го?

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: