Menu

Сүйүн Өмүрзаков түштүктөгү кырдаалды жөнгө салып кайтты

Бөлүшүү:

Апта башында Чаткал районундагы «Терек-Сай» кенинде чыр чыгып, жаалданган жергиликтүү эл милиция кызматкерлерине кол көтөрүшүп, «кызыл шапкечендердин» арасынан үч МЕНТти көпчүлүк «келтек жедиришкени» маалым болду. Окуяны ИИМдин борбордук аппараты коомчулукка жарыя кылбай, «бас-бас» кылып жабууга жандалбасташканы менен алакандай өлкөбүздө бир нерсени жаап-жашырууга болобу? Болбой эле жагымсыз жаңылык коомчулукка жылжып чыгып кетти. Жаңжалды уккан ички иштер минисгринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков дароо Жалал-Абадга жетип барып, жаалдашкан тараптардын оюн угуу менен дипломатиялык маанайда келип чыккан көйгөйлөрдү жеринде чечкени бизге чейин угулду.

Кызыгы, Жалал-Абаддагы бул жаңжалды мынчалык деңгээлге жеткирбей, алдын алуу менен жөнгө салса болот беле? Болмок. Мындай иш тикелей милдети экенине карабай облустун башчысы Кыянбек Сатыбалдиев ушул күндөрү той-топурдан колу бошобой, лента кесүү менен алпурушуп калгандыгы жалган дейсиңерби? Губернатор Базар-Коргон, Ноокен району баштаган так жылдары күмөн жараткан аймактардын мааракелерин өткөргөндү коюп, олуттуу иштерге баш салбайбы? Борбордук бийлик бул жагына эмне дейт? Облустагы кен казылган аймактарда  жергиликтүү эл менен инвесторлордун, буларга удаа укук коргоо органдарынын ортосундагы тирешти облус башчысы эмес, борбордук бийликтен министрдин 1-орун басары барып чечкенге аргасыз болуп жатса, анда мындай жергиликтүү чиновникти кармап кереги барбы? Генерал Сүйүн Өмүрзаков качанкыга чейин дал ушундай чабал жетекчилердин иши үчүн түштүккө чуркап, «өрт өчүргүчтүн» ролун аткара бериши керек? Аңдан көрө Өмүрзаков министр болсо, өлкөдөгү коомдук коопсуздукту сактоо жакшырып, ИИМ системасы жаңы сапатгарга көтөрүлмөк. Бул жагын каарманыбыз барган сайын мезгилдин агымы менен далилдөөдө.

Канжар Борпошов

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 + = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: