Menu

Коркок генерал Жунушалиев журналисттерди сыйлабастыгын көрсөттү

Бөлүшүү:

6-апрель күнү ИИМ жалпы журналисттерди борбордук аппаратка чакырып, кесиптик майрамы менен куттуктады. Адатынча министр Кашкар Жунушалиев өкмөттүк жумуштарын шылтоолоп качып кеткенине күбө болдук. Системанын абийирин жапкан Мирлан Каниметов, Канат Жумагазиев, Сталбек Рахманов, Самат Курманкулов жана Бакыт Сеитов болушту. Дал ушул жерден реплика болбосо да артка чегинели…

Убагында Мелис Турганбаев министр болуп турганда өкмөттөбү, парламенттеби, айтор, кайсы жакта жумуштары чыкпасын, баарын жыйыштырып коюп, калемгерлерди ачык залдан куттуктап, сыйлыктарды жана конверттерди тапшырып, андан соң фуршетте 7-ноябрдын урматына журналисттер менен «сеп» этип койчу. Мунун өзү сый-урмат катары сыпатталчу. Ал эми Кашкар кашаңдыгына салуу менен «буйтап» кеткенин кандайча түшүнөбүз? Дагы жакшы, Каниметов, Жумагазиев, Рахманов, Курманкуловдор жалпы журналисттердин көңүлүн алышып, шефин жоктотпой майрамдык маанайды татыктуу түрдө жыйынтыкташты. Кызыгы, Сеитов кылтыйып алып, баарын түшүнүп турат, министрдин аброю күн санап урап баратканын, коомчулукта кадыры кеткенин да туйса керек. Бирок, ал четте сырдуу жылмайып, чечүүчү моментти күтүп аткандыр. Далай министрдин «башын жеген» Бакыт байкебизге коркок Кашкар кеп бекен?..

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − 45 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: