Menu

Чаткалда 15 бала коопсуздук кызматкерлери менен мушташып, алардын үчөө жабыркаган

Бөлүшүү:

Чаткал районунда абал туруктуу. Жергиликтүү калк менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов билдирген.

Ал милиция кызматкерлери жергиликтүү жашоочуну ур-токмокко алышкан деген маалыматты четке каккан.

Анын айтымында, Терек айылынын 32 жаштагы Нурлан аттуу жашоочусу “Эти Бакыр Терек-Сай” компаниясынын көзөмөл алдында турган объектинин ичине кирип кеткен. Ага кызматкерлер көзөмөл өткөрүүчү пункту жактан өтүү керек экенин түшүндүрүп беришкен.

Ошол эле күнү жергиликтүү жашоочулар Терек-Сай айыл аймагынын өкмөтүнүн имаратына келип, тоо-кен иштетүүчү ишкананын ишмердүүлүгүн токтотуп, аны жабууну талап кылышкан. 15 тей жаш жигиттер аталган объектинин коопсуздук кызматкерлерине кол салып, алардын үчөө жабыркап, медициналык жардам алышкан.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков бул жагдайды териштирүү үчүн окуя болгон жерге барган.

Азыркы күндө тергоо-оперативдик топ териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.

Буга чейин Абдыжапар Нурдинов аттуу жергиликтүү активист объекттин коопсуздук кызматынын кызматкерлери мал кайтарып жүргөн жергиликтүү жашоочуну ур-токмокко алышканын билдирген. Анын айтымында, айылдын башка тургундары ал жерге барганда, эки аскер кызматкери алардан качуу убагында жабыркаган.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: