Menu

200 миң сом айлык алган Улуттук банктын төрагасы үй сатып алууга чамасы жетпейби?

Бөлүшүү:

200 миң сомдон ашуун айлык алган Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун өз акчасына үй алууга чамасы жетпейби? Өлкөнүн башкы банкири 5,5 миллион сом турак жай ссудасын алып, анын 4 миллион 800 миң сомун төлөгөн эмес. Калган сумманы Улуттук банк кечип койгон. Бул маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлүп, «башкы прокуратура бул канчалык мыйзамдуу экенин текшериши керек» деген талаптар айтылды.

Эгерде бул мыйзамсыз деп табылса, ал акчаны кайра мамлекетке кайтарып алуу керек деген пикирлер айтылууда. Ал эми Улуттук банктын өкүлдөрү «өз кызматкерлерин турак жай менен камсыздоо боюнча атайын жобо бар» деп жатышат.

Булак: «Азия ньюс»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − 41 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: