Menu

Ташкентте курулуп жаткан үй премьер-министрдин оозеки буйругу менен бузулду

Бөлүшүү:

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун оозеки буйругу менен Ташкенттин Мирзо-Улугбек районунда жеке ишкердин каражатына курулуп жаткан үч кабаттуу үй түрттүрүлдү.

Ташкент мэриясындагы өз булактардын кабарлашынча, өкмөт башчы мындай буйрукту борбордогу жаңы курулуп жаткан үйлөрдөгү бир канча жолку истүү газга уулануу учурларынан кийин берген.

– Мындан тышкары премьер-министр аталган инвестор тарабынан курулган башка үйлөрдү дагы текшерип чыгуу тапшырмасын берди. Бул тапшырманын негизинде өткөн ишембиде Мирзо-Улугбек районунда курулуп жаткан үч кабаттуу үй соттун уруксатысыз эле буздурулду», — деди ал.

Аталган үйдү куруп жаткан жеке ишкер Мухаммадбабур Хажаев анда бардык уруксат берүүчү документтер бар экенин жана курулуш иштерине 620 миң доллар коротконун билдирди. Анын айтымында, бийлик үйдүн бузулушун ал курган үйлөрдүн биринин тургундарынын истүү газга ууланышы менен түшүндүрүүдө.

“Ал балдардын өлүмүнө биздин куруучулардын эч кандай күнөөсү жок. Менде акты бар. Батир ээсине быйыл 11-июлда өткөрүлүп берилген. Көп өтпөй аны сатып алган адам батирдеги жылуулук түтүктөрүн өз алдынча алмаштырган», — деди Хажаев.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: