АКШдагы Өкүлдөр палатасына болгон шайлоодо Невада штатында добуш берүүгө бир нече жума калганда каза болгон 72 жаштагы республикачы Деннис Хоф жеңишке жетти. Эми анын штат парламентиндеги ордун республикачылар тарабынан сунушталган талапкер ээлейт.
Буга чейин ал парламенттик шайлоого катышуу укугу үчүн болгон республикачылардын праймеризинде Неваданын Өкүлдөр палатасынын учурдагы мүчөсү Жеймс Оскарсонду утуп алган. 6-ноябрдагы добуш берүү маалында Хоф Демократиялык партиядан атаандашы Леся Романовдон 36 пайызга көп добуш алды.
Хофтун сөөгү 16-октябрда өзүнүн 72 жылдыгына арналган кечелердин биринен кийин табылган. Ал маалда бюллетендер басылып чыгып, таркатылып калгандыктан, штат бийлиги анын ысымын талапкерлердин тизмесинен албай эле коюуну чечкен.
Хоф Невададагы бир нече сойкукананын ээси болгон (мындай жайлардын ишмердүүлүгүнө АКШда жалгыз ушул штатта гана уруксат берилген). Саясатчы Дональд Трампты туурап келгендиги менен белгилүү болчу.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ