Menu

Нурсултан Акылбек, саясый серепчи: Жаныш Рустенбековдун талапкерлигин жактырган жокмун

Бөлүшүү:

– Элчилик кызматын дайындоодогу катачылыктар, Кыргызстандын Тажикстанга дайындалган Жаныш Рустенбековдун талапкерлиги тууралуу орчундуу ойлорду айтып чыктың….

– Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Жаныш Рустенбековдун талапкерлигин Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси кызматына жактырды. Комитеттин мүчөлөрү ал кишиден Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси катары төрт жыл ичинде кан дай жумуш жасаганы, өлкөбүзгө кандай пайда келтиргени жөнүндө сурашкан жок. Эмне үчүн Түркмөнстан менен алыскы чет мамлекеттерге салыштырганда да мамилебиздин деңгээли начар, эч кандай соода-экономикалык байланышыбыз жок?

Эгемендүүлүк алгандан бери элчилерди дайындоо, бийликке кандайдыр бир өзгөчө кызмат кылганы үчүн, саясый атаандаштарды саясый сүргүнгө жөнөтүү үчүн, тууган же жакындарына белек кылууга, кээ бир учурда гана профессионал дипломаттарды дайындоо критерийлери каралат. Элчиликтердин кадрдык түзүмү дал ушул критерийлер менен түзүлүп келет. Ошол себептен элчиликтердин жумушу начар, эффективдүү эмес.

Элчи кызматына талапкерлер элчиликке бара жатып, ошол мамлекеттин тилин, тарыхын, маданиятын жакшы билүүсү зарыл. Бизде бул критерийлер такыр көзгө илинбейт. Балким, жаңы тышкы иштер министри бул болуп жаткан кырдаалга көнүл буруп, түзүлгөн абалды оң жакка бураттыр?

Биз ар бир байланышыбыз бар мамлекеттерге, өзгөчө коңшу жана стратегиялык өнөктөштөрүбүзгө өзүнчө концепция түзүшүбүз керек. Ар бир мамлекет жөнүндө толук маалымат болушу керек, «кайсы чөйрөдө кызматташсак болот, бирге кандай долбоорлорду ишке ашырсак болот, кайсы жааттан соода-экономикалык байланышыбызды өнүктүрсөк болот, кайсы чөйрөгө инвестиция тартсак болот?» деп. Министрликтер, серепчилер, университеттердин илимий борборлору менен биргеликте ушул тапта жумуш жүргүзүү зарыл. Ушул концепциялардын негизинде алдына коюлган маселелерди чече ала турган элчилерди тандашыбыз керек. Ошондо гана элчилерден өлкөбүзгө пайда келет.

Ички ресурстарыбыз чектелип турганда, бюджетибиз салттуу түрдө дефицит болгондо, биз тышкы саясаттан максималдуу түрдө пайда алышыбыз керек. Жумушка, кадрларды тандоодо көз карашыбыз өзгөрбөсө, мамлекетибиз ордунан жьибайт, эч кандай өнүгүү болбойт.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: