Menu

Улуттук лидердин уңгусу не?

Бөлүшүү:

«Ата Мекен» социалисттик партиясы 27 жылдык мааракесин белгиледи. Кыргызстандын эгемендиги менен жашташ партиянын лидери Өмүрбек Текебаев учурда камакта. Ошого карабай, анын партиясы сааттай иштеп жатат. Акаевдик, бакиевдик бийликтин туура эмес саясаты менен күрөшүп, Атамбаевдин коррупциялык иштерин ашкерелеп, лидери камалып, калган мүчөлөрү баштарынан оор күндөрдү кечиришкен менен, коомдо, саясатта орду бийик бойдон калды. Чындыкты, адилеттикти туу туткан тарыхый партиянын туулган күнүндө тарыхый кишилер келип куттукташты.

Роза Отунбаева, Экс-президент: «Текебаевди Кыргызстандын демократиясын алып келген инсан деп билишет»

— «Ата Мекен» — Кыргызстандын тарыхын жазып жаткан партия. Жакшы нерсе күрөштө гана жаралат. Жыргалыкчылыкта жүргөн нерсе сонун нерсе боло албайт. Өмүрбек менен саясатта жанаша жүргөнбүз, күрөштөрдө чогуу болдук. Позицияга туруктуу, кайраттуу. Анын партиясы да, мүчөлөрү да сыноолорду жеңе билишет. “Ата Мекен” далай тар жол, тайгак кечүүлөрдөн өттү. Ал тарыхый жолдун арты акыйкаттуулук, чындык. Бизге бүгүн Текебаев жетишпей жатат. Анын көрөгөчтүгүнө, кайраттуулугуна, пикирине, ар бир саясий иште анын үнүнө муктаж болуудабыз. Эл аралык жыйындарга катышып журөм. Текебаевди кыргызстандыктар эле эмес, бүткүл дүйнө билет, анын атын оозго алышат. Аны “Кыргызстандын демократиясын алып келген инсан” деп билишет. Армения – биздин артыбыздан келе жаткан, парламентаризмди жаңыдан тандап алган өлкө. Ошол өлкө өзүнүн Конституциясын талкуулап жатканда, аларга Өмүрбектин сөзү маанилүү болгон. Азыркыга чейин Текебаевди оозунан түшүрбөй келишет. Ушундай лидер биздин замандаш, үзөңгүлөш экенине мен сыймыктанам.

Медеткан Шеримкулов, “Легендарлуу парламенттин” төрагасы: “Өмүрбектин түрмөдө отурушу мамлекет башындагыларга аброй алып келбейт”

— Эгемендүү Кыргызстандагы жаңы, жаш партиялардын бири – “Ата Мекен” болгон. Бүгүн жигит куракка толуп отурат. Кыргызстанда эмне көп, партия көп, 200 дөн ашат. Алардын ичинен “Ата Мекен” байыркысы, алгачкысы, туруктуусу. Сынбаганы, далай сыноолордон өткөн. Азыр көп партияларда кризис болуп жатат. Оор мезгилде лидери Текебаев түрмөдө жатат. Анын азыр турмөдө отурушу мамлекеттин башындагыларга аброй алып келбейт. Кайдагы бир шылуундун айтканы менен аны камаганы – нонсенс. Текебаев эртели-кеч чыгат, чыкса биринчиден эл кубанат. Аткени, ал эл кызыкчылыгы үчүн күрөшкөн саясатчы. Билишимче, декабрда анын 60 жылдык юбилейи болот. “Анын туулган күнүн илимий-практикалык конференция түрүндө белгилегиле” деп сунуштап жатам. “Текебаев жана Кыргызстандын конституциялык реформасы” деген темада өткөрүү керек.

Асия Сасыкбаева, “Ата мекен” партиясынын мүчөсү, экс-вице-спикер: “Текебаевдин кайратмандыгы бизге дем берет”

— Мен “Ата Мекендин” мүчөсү экениме сыймыктанам. Мамлекеттин кызыкчылыгын көздөп, элдин таламын талашып, чындык, адилеттүүлүк үчүн күрөшүп, отко күйбөй, сууга чөкпөй келатабыз. Биз катаал мезгилдерди басып өттүк. Чайпалдык, бирок төгүлгөн жокпуз. Өзөгүбүз бар, кадыр-баркыбыз бар партия экенибиз чындык. Буга шүгүр кылам. Лидерибиз Өмүрбек Текебаевдин духу, кайратмандыгы, идеялары бизди ар дайым курчутат, дем берет. Ага ден соолук каалайбыз. Бизде баары жакшы болооруна ишенем.

Динар Турдугулова 

Булак: Азия Ньюс

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: