Menu

Жогорку Кеңештин 40 депутатынын жерлери Бишкектин борбору менен тең аянтты түзөт

Бөлүшүү:

Мамлекеттик салык кызматы аткаминерлердин 2017-жылкы кирешеси, чыгашасы жана мүлкү тууралуу Бирдиктүү салык декларациясын жарыялады. Эл өкүлдөрүнүн көбүнчөсүнүн кирешеси жана чыгашалары тууралуу маалыматтар көп чыкты. Ал эми алардын жер мүлктөрү жөнүндө эмне белгилүү?

Айта кетсек, аталган декларацияда көптөгөн депутаттардын жана алардын туугандарынын карамагында айыл-чарба иштерине багытталган жана багытталбаган жерлери бар экени жазылган. Алардын көлөмүн гектар же чаарчы метр өлчөмүндө жазууга болот.

Жерлери барлардын арасында 40 депутат жана алардын туугандары бар. Кээ бир эл өкүлдөрүнүн үйүнө тиркелүүчү 6 сотка жери бар болсо, кээ бирлеринин абдан чоң жер тилкелери бар. Депуттардын арасында эң жери көптөр Иса Өмүркуловдун үй бүлөсү, Осмонбек Артыкбаев, Исланбек Сарсеитов, Кенжебек Бокоев, Бактыбек Сыдыков, Азизбек Турсунбаев жана Садык Шер-Нияз.

Декларацияда жазылган сандарды эсептеп, 2017-жылы 40 депутатка жана алардын туугандарына  жалпысынан 158,81 гектар жана 443,265 чарчы метр жер таандык болгонун айтууга болот.

 

Эгерде бул сандардын бардыгын гектарга өткөрүп эсептесе 203 гектардан ашуун жер болот. Ал эми депутаттардын жерлерин чаарчы метр менен эсептесе алардын жери 2 миллион чарчы метрди түзөт. (бул 2 чарчы километр). Аталган аянт Бишкектин Ибраимов, Москва, Умөталиев жана Чүй проспектиси менен чектелген аянт менен тең.

Ири жер ээлөөчү депутаттардын арасында төмөнкүлөр бар:

КСДП

Иса Өмүркүлов

Асылбек Жээнбеков

Чыныбай Турсунбеков жана анын үй бүлөсу

Азамат Арапбаев жана анын туугандары

Осмонбек Артыкбаевевдин туугандары

Рыскелди Момбеков жана анын туугандары

Автандил Кулбараков

Альфия Самигулинанын туугандары

Айнура Осмонованын туугандары

Данияр Аттокуров

Родственники Каната Керезбекова

“Республика Ата-Журт”

Өмүрбек Бабанов (мандатынан 2018-жылдын январында ажыратылган )

Руслан Казакбаевдин туугандвры

Мирлан Жеенчороев

Максат Сабиров

Кенжебек Бокоев

Бактыбек Сыдыков

Курманкул  Зулушевдин туугандары

Жунус уулу Адылдын туугандары

Айбек Алтынбеков

Болотбек Ибраимжанов (Миграция боюнча мамлекеттик агенттикти  2018-жылдын июнунда жетектеген )

“Кыргызстан”

Алмазбек Баатырбеков

Айтмамат Назаров

Тынчтыкбек Конушбаев жана анын туугандары

Азизбек Турсунбаевдин туугандары

Данияр Төлөнөв

Алмазбек Токторов

Нурбек Алимбеков

Нурланбек Макеев (депутат 2018-жылдын июнунда көз жумган )

Исланбек Сарсеитов ( 2018-жылдын июнунда “Электр Станциялары” ААКнын жетекчилик кызматы үчүн мандатынан баш тарткан ).

“Өнугүү Прогресс”

Бакыт Төрөбаевдин туугандары

Алмаз Жутановдун туугандары

Зиядин Жамалдинов

Тазабек Икрамов жана анын туугандары

Исхак Масалиев жана анын туугандары

Абдыкапар Султанов

“Ата Мекен”

Сайдулла Нышанов

 Өмүрбек Текебаевдин туугандары

 Эмил Токтошевдин туугандары

Садык  Шер-Нияздын туугандары.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 9 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: