Menu

Муфтият 10-11 ноябрь күндөрү өлкө аймагындагы диний окуу жайлардын мүдүрлөрүн Бишкекте окутат

Бөлүшүү:

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы 10-11-ноябрь күндөрү Бишкек шаарындагы “Биринчи кадам” медресесинде өлкө аймагындагы диний окуу жайлардын мүдүрлөрү үчүн “Диний билим берүүнүн коомдогу орду” аталышында окуу семинарын өткөрөт. Бул тууралуу КМДБнын маалымат кызматы билдирди.

Окуу семинардын ачылыш салтанатына Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, “Бүткүл дүйнөлүк Куран жана Сүннөт” уюмунун өкүлү  доктор Ахмад Сайфуддин Туркистаний катышмакчы.

“Семинар республикалык масштабта болуп жаткандыктан бул күнү келчү коногубуз пайгамбарыбыздын САВ акыйкат пайгамбар экендигин таанытуу, пайгамбарыбыздын САВ сүннөт жолун жайылтуу жана пайгамбарыбызды САВ коргоо туурасында өзүнүн сабагын өтөөрү күтүлүүдө”, – деди КМДБнын окуу бөлүм башчысы Акимжан ажы Эргешов.

Муну менен катар семинар алкагында окутуунун жаңы усулдары, окуу программасын жакшыртуу жана бирдиктүү окуу программасын тереңдетип үйрөтүү, билим берүү сапатын жогорулатуу менен студенттердин кызыгуусун арттыруу, заманбап технологияларды колдонуу менен диний окуу жайлардын шарттарын көтөрүү маселелери кармалмакчы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: