Учурда Өзбекстанда Украинадан кээ бир товарларды импорт кылуу боюнча чектөөлөрдү коюу каралып жатат. Бул тууралуу eurasianet сайты жазып чыкты.
Ташкенттин расмий өкүлдөрүнүн айтуусу боюнча бул чаралар Киев тарабынан Өзбекстандык өндүрүштөн чыккан унааларды импорттоодо бажы төлөмдөрүн киргизүүжөнүндө коркутууларга жооп катары каралган. Ошондой эле Өзбекстан бул чыр-чатакка Россия да от жагып жатат деп ойлойт.
Мындан тышкары Өзбек парламентинин депутаттары Украинадан келген дары-дармектерге жана кумшекерге тыюу салууну талкуулашууда.
Соода-сатык боюнча бул жаңжал октябрь айынын башында башталган. Украина Өзбекстандан алынып келинген автоунааларды чыгаруучу заводдорго өзбек өкмөтү субсидияларды берип, таза эмес атаандаштыкты түзүп жатабы деген өңдүү суроолордун үстүндө иликтөө жүргүзгөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ