Menu

Качкынбек Булатов: Атамбаевдин “кемчонтой” бийлигин сындап камалган Талгарбековду абактан чыгарганга мезгил келди

Бөлүшүү:

Буга чейинки айрым жагдайларды эске алсак, Бекболот Талгарбековду «колхоз-совхоздорду менчиктештиргенсиң, чыккынчы» деп ага карата акылы тайкы, алысты көрбөгөн, глобалдык экономиканын келечегин түшүнбөгөндөр менен айрым саясатчылар күнөө коюп келишкен. Азыр деле арабызда тоонун башындагы чөптү самагандар жок эмес.

2016-жылы мамлекеттин ашмалтайын чыгарган, коррупцияга малынган андагы бийликке Бекболот Талгарбеков негиздүү сындары менен каршы чыгып, Атамбаевди сындап, «кемчонтойлорду» бийлигине чогултуп алып, мамлекетти башкарып келетканын ачык айтып чыгат. Чындыгында ошол убакта оппозиция алсыз болуп калганда Бекболот Т алгарбеков элге дем берип, үмүт пайда кылганын кантип унутабыз? Эл аны колдой баштаганын көрүп, айласы кеткен бийлик оперативүү буйругу менен анын тынч чакырыктарын бурмалап, «өлкөгө төңкөрүш жасаганы жатат» деп адилетсиз жагдайда камакка алып, кестирип жиберген. Мындай кадам акыла сыйбаган иш болду. Эми ошондогу күч органдарынын мыйзамсыз ишине Сооронбай Жээнбеков чекит коёрго убакыт келди. Эгерде биздин мамлекет мыйзам үстөмдүгүн сактаган өлкө болсо, анда эски бийликтин мыйзамсыз өзүм билемдик иштери боюнча эчак эле иликтебейт беле? Ошондой эле саясый туткунда жаткан саясатчыларды, адилетсиз жагдайда камалып, кесилип кетишкен жарандарыбызды бошотмок. Тилекке каршы, Жээнбеков мыйзам үстөмдүгүн сактаганга жетише албай келатат окшойт. Бирок, азыр да үмүтүбүз арыла элек. Азыркы убакта парламенттеги ууру депутаттар ажонун кол баласы болуп, күкүк болуп калганы өкүнүчтүү. Саясый туткунда жаткан Бекболот Талгарбековду азыркы бийлик бошотпосо, бир убакыт келгенде өздөрү сөзсүз юридикалык баа алышат. Ууру чиновниктерге окшоп бир дагы ишкананы жеке менчикке албай, өз ишин таза эмгеги менен тапкан тажрыйбалуу, таза саясатчы негизсиз жагдайда кесилип кеткенин элдин баары билет. Андыктан, Сооронбай Жээнбековдун бийлиги эки жарым жылдан бери эч негизсиз жазасын өтөп жаткан Талгарбековдун ишин кайра каратып, тез арада абактан чыгарганга мезгил келди.

Качкынбек Булатов, укук коргоочу

Булак: Азия Ньюс

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − 79 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: