Menu

Өзбекстанда дарыгерлердин айлыгы жогорулайт

Бөлүшүү:

Өзбекстанда медициналык жана фармацевтикалык кызматкерлердин айлыгы жогорулайт. Өлкө президенти Шавкат Мирзиёев тишелүү токтомго 7-ноябрда кол койду. Ага ылайык маяна 2018-жылдын 1-декабрынан тарта 1,2 эсеге, 2019-жылдын 1-апрелинен тарта 1,15 эсеге көбөйөт.

Келечекте медициналык кызматкерлердин ишмердүүлүгүн аныктоонун жаңы ыкмаларын, анын ичинде айыккан бейтаптардын электрондук статистикасын киргизүү жана онлайн-сурамжылоолорду жүргүзүү пландалууда.

Медициналык мекемелердин жетекчилери жумушта артыкчылык көрсөткөн дарыгерлерге ай сайын кошумча сый акы чегере алышат. Каражат Материалдык дем берүү жана медициналык уюмдарды өнүктүрүү фондунан бөлүнөт.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: