Menu

Бишкекте жакында эле күйөөгө чыккан келин өз жанын кыюуга аракеттенди

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын Лев Толстой көчөсүндөгү көпүрөгө асынып, өз жанын кыюуга аракеттенген 19 жаштагы келинди ИИМдин “Шумкар” атайын бөлүмүнүн кызматкери куткарып калды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз өкүлү Эрнис Осмонбаев “Азаттыкка” кабарлады.

Маалыматка ылайык, 6-ноябрда саат 21:30 чамасында милициянын ага сержанты Нурлан Кулданбаев Лев Толстой көчөсүндөгү көпүрөнүн кырында турган келинди байкап калган. Анын ошол жерде турганы шек туудуруп, милиция кызматкери ага чуркап жеткен учурда келин ылдый карай секиргенге аракет кылып, кадам таштаган. Ал жакын барганда келиндин мойнунда жип оролуп турганын байкаган. Милиционер аны кийминен кармап калууга үлгүргөн. Кызматкерге рота командири Улан Кыдырмаев жана анын орун басары Айбек Жумабаев жардамга келип, келинди куткарып алышкан.

Өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган келин Чүй облусунун 19 жаштагы тургуну экени аныкталды. Ал мындай кадамга үйдөгү уруштан кийин барганы жана болжол менен эки ай мурун эле турмуш курганы да белгилүү болду. Учурда окуяга байланыштуу кагаздардын баары Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө берилген. Келинди туугандары алып кетишкен.

Статистикалык маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 3 млн. 155 миңге жакын аял жашайт. Бул өлкө калкынын теңинен көбүн түзөт.

Ар кандай сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча, 15-49 жаштагы үй-бүлөлүү аялдардын 25% зомбулуктун кайсы бир түрүнө кабылганын айтышкан. Бул ар бир төртүнчү аял зомбулукка кабылат деген кеп. 7% аялдар кош бойлуу кезинде зомбулукка дуушар болушкан. Ал эми турмушка чыккандардын 12% 18 жашка чыга элек кезде никеге турган.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: