Menu

Лондондо мурдагы азербайжандык банкирдин аялы кепилдик менен бошотулду

Бөлүшүү:

Лондондо сот Азербайжан эл аралык банкынын мурдагы башчысынын аялы Замира Хажиеваны кепилдик менен бошотту. Ал Harrods соода борборунда 16 миллион фунтка соода кылганы, 20 миллион долларга кыймылсыз мүлк сатып алганы үчүн өткөн аптада кармалган.

Азербайжанда Гажиевдер уурулукка айыпталууда.

Учурда британ полициясы Хажиева короткон каражаттын кайдан келип чыкканын иликтөөдө. Ал акчага мыйзамсыз ээлик кылууга айыпталууда.

Гажиева 500 миң фунт кепилдик менен бошотулду, бирок ал күндө полициянын каттоосунан өтүп турушу керек. Талап боюнча Хажиева кечки саат тогуздан кийин үйүнөн чыга албайт жана Лондондон кете албайт.

Замира Хажиева 55 жашта. 2016-жылы Бакуда сот анын күйөөсүн мамлекеттин акчасын уурдоого жана ыксыз коротууга айыптап, 15 жылга эркинен ажраткан. Тергөөнүн маалыматы боюнча Жахангир Хажиевдин мыйзамсыз аракеттеринен улам банктан он миллиондогон долларлар жоголгон. Ал айыптоолорду четке каккан.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: