Menu

Видео – “Синьхуа” агенттиги жаңылыктардын виртуалдык алып баруучусун көрсөттү

Бөлүшүү:

Кытайдын “Синьхуа” расмий маалымат агенттиги алгачкы жолу  жаңылыктардын виртуалдык алып баруучусун көрсөттү. Алып баруучу жасалма интеллекттин негизинде иштейт жана текстти өз алдынча окуй алат.

“Сиздерге жасалма интеллекттин базасындагы англис тилдүү алып баруучу салам жолдойт.

Сиздерди акыркы жаңылыктар менен маалымдоо үчүн мен чарчоосуз иштейм, маалыматтар менин системама үзгүлтүксүз жүктөлүп турат,”- деп баштайт диктор программаны.

Жасалма интеллект тирүү алып баруучунун үнүн, эриндеринин кыймылын, мимикаларын туурай алат.

Анын тирүү алып баруучудан эч кандай айрымасы жок.

Тирүү адамдарга салыштырмалуу, санариптик алып баруучулар күнүнө 24 саат бою, бир убакта эле бир нече платформаларда иштей алышат. Компания аталган технология жаңылыктарды эффективдүү жана арзан кылууга, ошондой эле эгерде жаңылыктарды өтө тез жасоо керектелсе  жардам берет деп эсептейт.

Булак:KyrgyzToday

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: