Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов банкка жетекчи болуп келгенден кийин, тагыраагы 2015-жылы турак-жай үчүн 5,5 (беш жарым) миллион сом ссуда алыптыр. Жөнөкөй тил менен айтканда «кредит» алыптыр. Анан эле Толкунбек мырзанын «сиңирген өзгөчө эмгеги» эске алынып, алган ссудалардын 4 миллион 824 миң сому кечирилгени жарыяланды. Мына сага айкөлдүктүн жеткен чеги! Бул акылга сыйбаган иш да. Турак-жай үчүн берилген ссудаларды кечүү деген мыйзам алкагында элдин көзүн будамайлоо эмеспи. Мыйзамда каралаган деп эле элдин эсебинен чиновниктерди канчага чейин багабыз? Үй-жайына чейин алып берип, анан миллиондорду кечип… Буга тергөө органдары тез арада чара көрүп, укуктук баа берилиши зарыл. Абдыгулов 150 000 (жүз элүүмиң) сом айлык алаарын билеоиз. Эмнеге эми ссудасы кечириши керек? Төлөсүн, талап кылабыз! Же мамлекеттин акчасын каалагандай чача бериш керекпи?
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ