Menu

Кыргыз тилин даңазалачу Эшенкул Барпиев үчүн “ө”, “ң”, “ү” мааниге ээ эмеспи?

Бөлүшүү:

Тамадалык кесипти аркалаган Эшенкул Барпиев деген мырза тойлордун катыгын берип, элдин жакшылыгына ортоктош болуп келе жатканына көп болду. «Сөзүнө сөзү өрүлгөн, сөөлөтүмыкты көрүнгөн» Эшенкул мырза турган турпаты менен шер экен, өңгөлөрдөй болуп кызганыч артында өнөрүн жеке өзү гана өркүндөтпөстөн, жаш муунга өткөрүп берүү максатында «Тамадалар мектебин» түзүп алып, бир топтон бери маңдай терин төгүп жаткан чагы. Бул үчүн алкыш айтсак аздык кылат. Бирок, агабыздын тилеги жакшы болгону менен кашайып эки көзүн май басып калганбы ким билсин, мектепти бүткөндөргө берилген эки барак сертификатта ири катачылыктарга жол берип, «бутуруучусу», «кочосу» деп жаздырып туруп кол коюп бериптир. Шалаакылыкпы? Бул кыргыз тилин келекелеп, шылдыңдаганга барабар да. Башкасын айтпаган күндө да, кыргыз тилин даңазалай турган журт жакшылары минтип кыргыз тилине кайдыгер мамиле жасап, тебелеп-тепсеп жатса кимге таарынабыз? Кытай, уйгур, дуңгандарга таарынабызбы? Же Эшенкул мырза үчүн «Ө, Ң, Ү» анча мааниге ээ эмеспи?!

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: