Menu

Нариман Түлеев: Анан ошолорго жооп кылуу ирээтинде, “селфи” кылдык

Бөлүшүү:

Гезитибиздин өткөн санында Нариман Түлеевдин Москва-Бишкек каттамындагы экс президент Алмазбек Атамбаевге жолугуп калганы боюнча маек жарыяланган. Бүгүн маекти уладык…

—Демек, Азиз Батукаевди өлкөдөн чыгаргандар Шамил Атаканов менен Аида Салянова деп түшунсөк болот экен да. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин айтуусу менен Батукаевдин качырылышы боюнча жогорудагы эки адамды камаса болот деп атпайсызбы. Жетиштүү далили жок болгондон кийин Атамбаев айткан көрсөтмөсү менен кантип камайт?

—Так Алмазбек Атамбаевдин доорунда кайсы бир адамдардын көрсөтмөсү менен эле камап, ошол жетиштүү далил болбосо деле соттогон учурлар кездешпедиби? Демек көрсөтмө аркылуу эле камаса боло экен турбайбы. Катардагы ишкерже мындай кызматкер эмес, экс-президенттин көрсөтмөсү менен камаса неге болбосун?!

—Нариман мырза, биз маегибиздин башына кайрадан кайтып келсек, Алмазбек Атамбаев менен сиздин «селфи» катуу талкуу болбодубу. «Селфи» кылуу кимдин сунушу болду?

—Маектин башында айтпадымбы, алгач көргөндө оозго алгыс жаман сөздөрдү экстин дарегине айтканымды. Анын үндөбөй олтуруп алганын, кийин өзүкелип: «Экөөбүз бир сүйлөшүп албайлы?» дегенин…

—Сөзуңүзгө аралжы, Атамбаев жетекчилик кылган СДПК партиясынын басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева өткөн жумада жергиликтүү басылмалардын бирине маек бериптир. Анда ал самолеттогу сиздердин жолугушуу боюнча сураган журналистке: « Туура айтасыз, элдин бүйүрүн ого бетер кызыткан дагы бир жагдай – экс-мэр Нариман Түлеевдин Алмазбек Атамбаев менен самолетко чогуу отуруп калганы болду. Учуп бараткандардын көпчүлүгү «булар эми эмненин ичинен чытышаар экен» дешип, самолет Москвага жеткичекти төрт саат бою чыдамсыздык менен ынтызарлана күтүп отурушту. Анан эле Тулеев соцтармактагы өз баракчасына Алмазбск Атамбаев менен тушкон сүрөтүн жарыялаганда дагы бир жолу «дүң» болду… Экс-президенттин жансакчысынын айтымында, арткы катардан күбүр-шыбыр үндөрдү кулагы чалган Алмазбек Шаршенович кайрылып, колун жаңсаса, Тулеев дароо жанына келип отура калыптыр. Анан экөө үч жарым саат бою сүйлөшүп барышканы белгилүү. Эмне жөнүндө сүйлөшүштү, эмнени талкуулашты, кандай тыянакка келишти – бул эми эки адамдын ортосунда калсын. Биздин бул жөнундө бир нерсе айтып же талкууга алганыбыз этикага жатпайт деп ойлойм» – деп айтып атат. Жолдубаева сизди Атамбаевдин жанына чуркап барып олтура калган адамдын образында сурөттөп, сүйлөшүүгө сиз кызыкдар болгондой айтыптыр. Дагы бир тактап койбойсузбу?

—Катчысы божомол-дөдөмөл менен айтыптыр. «Жансакчынын айтканына караганда» деп… Мен дагы бир жолу айтам, мен эмес Атамбаев келип, «Сүйлөшүп албайлыбы?» деген. Мен ага эмнеге чуркап бармак элем? Алэми «селфи» боюнча айтсам, мен Социалдык баракчама Атамбаевдин самолетто олтурган сүрөтүн чыгаргандан кийин укмуш талкуу болбодубу? Анан Москвага жетип калган учурда телефонду карасам ар кандай комментарийлер жазылыптыр. Бирөөсү, «Экөө жеткенче мушташты го», «Кызыл-жаян болду болуш керек», «Атамбаевдин жан сакчылары Түлеевдин буту-колун кайрыды го» деген сыяктуу толгон-токой билдирүүлөрдү калтырыптыр ал жерге. Анан ошолорго жооп кылуу ирээтинде «селфи» кылдык. «Мына биз аман-эсен жеттик» деген таризде элге жарыялап коеюн деп. Бир эле эмес, андай сүрөттөн 3-4 штук бар. Мен жакшы тартылганын чыгардым.

—Жылмайганыңыздар өтө кубанычтуу экениңиздерден кабар берип тургансыйт…

—(каткырып) Эми сүрөттү карасаңыздар байкайсыздар, «селфи» учурунда кимдин кандай кубанып жатканын. «Селфи» кылууга ким кызыкдар болуп, сүйүнүчтө турганын баамдасаңыздар болот.

(Уландысы бар)

Амантур Мусагул уулу

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: