Орусияда курулушта иштеп жаткан 21 жаштагы кыргызстандык жаран 11-кабаттан кулап кетип каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда “sanktpeterburg” сайты жазып чыкты.
Маалымат боюнча, окуя 7-ноябрь күнү Сестрорецк шаарындагы жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдө болгон. Анда 11-кабатта иштеп жаткан кыргыз жараны көп кабаттуу үйдүн сырткы бетин жасалгалап жаткан учурда өзү жасаган курулуш бешиги үзүлүп кетип түшүп кеткен. Натыйжада, ал 4-кабаттын бүтө элек балконуна түшүп, оор жаракаттардан улам каза болгон.
Учурда бул факты боюнча Санкт-Петербург шаарынын тиешелүү мекемелери териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ