Бүгүн, 9-ноябрда саат 10:50 чамасында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун аймагында жол кырсыгы катталып, 1 адам каза болуп 7 адам жаракат алды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка караганда, Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагында “Toyota Ipsum” жана “Chevrolet Lacetti” унаалары сүзүшүп 1 адам каза болуп, 7 адам жаракат алган. Жаракат алгандар “Тез жардам” кызматы менен Базар-Коргон райондук ооруканасына жеткирилген. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ