Menu

Тамашада чындыктын элементи бар

Бөлүшүү:

Куудулдар ишке киришпесе болбой калды. Кыргыз тилинде керек болсо жергебизде жашагандардын баары сүйлөшү керек деген талап айтыла берип матадай болуп жыртылып бүттү. Бирок, мүдөөбүз ордунан козголмок турсун, кыргыз болуп төрөлгөндөрдүн тили англисчеге, немисчеге, кытайчага бурулуп кетип баратканы таң калтырбай калды. Ал эми орусчатилде акча санагандар түш көрсө да ошол тилде көрүшөрү маалым. Ошол эле мекенчил болуп көрүнгөн чиновниктер балдарын орус мектепке, кымбат лицейлерге жетелеп киргизип жатышса балээни үйдө кыргызча сүйлөшмөк беле? Азыркы муундун балдары эчкини кой деп, бээни төө дегенге барып калышты. Нандын кантип жасаларын, сүт кантип сааларын, шырдактын таржымалын билбей калышканы өкүнүчтүү. Айтор, кыргыз тилине кашыктап эмес чөмүчтөп каражат бөлүнсө деле иш алдыга жылчудай эмес. Баарынан да эл башкарам деген төбөлдөр тилин чайнап кыргызча онтолоп сүйлөгөндө жиниң шакардай кайнабаганда кантет? Эми ошол мэрлер, чоң кызматтагы тың чыкмалар кыргызды жыргатабы?

Өткөндө Рахман Разыков жакшы маселе көтөрдү сахнадан. Биз куудулдар өзүбүз биринчилерден болуп кыргыз тилинен тесттен өтүшүбүз керек деген кебинде чындыктын кыпындысы жатат. Эми күлкүлүү болсун деп кээде алар орусча “хохмаларды” кошуп кеткени го айып эмес. Бирок, сөздөрүнө калемпир, мурч, туз кошулбаса балээни эл күлөбү? Ошондуктан боорду эзе тургандай кылып сахнага алып чыгып жатышпайбы, сатираларын куудулдар. Ушул талапты аткарууга чындап кудулдар киришсе майнап чыкмак. Ал эми жанагыл кошоматчы, сүткор комиссиянын кереги деле жок окшойт. Бир адамды мэр кылыш үчүн түзүлгөн мындай комиссиянын (топтун) зарылдыгы канчалык? Ошондуктан окумуштуулардан түзүлгөн комиссия таратылсын.

Турмуш акыйкатына келсек маселен депутаттар жолугушууга барып акча таратам, тамагын дасторконго жайнатам десе да эл чогулбайт. Тигил куудулдардын концертине болсо акчасына белетин алып, байгеден кала тургансып клубга бир саат мурда келет. Ушундан улам эл өкүлүнө караганда куудулдардын рейтинги жогору турат дешке туура келгени жалганбы? Анын үстүнө чоң акча коротуп куудулдар диплом сатып албайт. Бизнесмен депутаттар болсо болбоду дегенде 300 миң доллар жоготуп араң мандатка ээ болушат. Айрыма чоң бекен, демек куудулдардын коомчулуктагы орду булардыкынан өйдөрөөк.

Андан көрө куудулдардын чыгармачылык шартына мамлекет камкордук көрүп, айрыкча шаардыктардын жүлүнүнө жеткире турган кеңири программадагы оюндардын коюлушуна шарт түзсүн. Чылгый кыргыз жыттанган теле көрсөтүүлөрдү жандандырышсын. “Куйкум тил” деген гезит уюшулуп, элге кенен таркатылсын, жазылуу бекер болсун. Басылмага кеткен чыгымды кезеги менен өз тилинде сүйлөй албаган бай депутаттар, кызматкерлер төлөсүн. Эгерде үйрөнмө курал катары дайыма гезиттин эки бетине пайдалуу сунуштамаларды берип турсак тигил чала кыргыздарга таасирдүү болоруна кепилдик бар. Балким күйдүргү чыгармаларды окуп андайлар оңолуунун жолуна түшөөр? Анткени таасирленүүдөн алга жылыштар болорун билебиз да? Маймылды деле бети-колун жууганга үйрөтүп жатпайлыбы? Белесепет тепкен аюулардан кем беле тигил тилин чангандар? Ушинтип кете берсек кийинки муундун балдары кытайча түш жооруп калышаары турган иш. Ал эми тилге күйгөндөр болсо улам суюлуп баратышат. Бул абдан кооптуу жагдай. Эмнеси болсо да кыргыз тилин көздүн карегиндей сактап калууга жалпылап киришпесек болбой калды. Анда эмесе чамдайлы.

С. Жоосаяров

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: