Menu

Мамасыдык Амыркулов, белгилүү архитектор: «Залкар жазуучуну даңазалоого, урматтого ар бирибиз милдеттүүбүз»

Бөлүшүү:

Кыргызстан жана Казахстан архитекторлор союзунун мүчөсү, чыгаан архитектор, көптөгөн белгилүү Кыргызстандагы курулуштардын автору Амыркулов Мамасыдык менен кененирээк маек курганга өзүнчө жагдай себеп болуп турат окшойт. Анда эмесе таасирдүү баарлашууну баштайбыз. Көз жүгүртүп окуп коюңуз окурман?

-Сиз быйылкы 2018 -жылы улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык юбилейине карата маданият жана туризм министрлиги тарабынан уюштурулган Талас облусунун Шекер айылындагы «Чынгыз Ордо» мемориалдык тарыхый-маданий комплексинин мыкты концепциясын тандоо боюнча Кыргызстан архитекторлорунун арасында жеңүүчү болуп сиздин долбоор менен курулуш иштери башталганынан маалыматыбыз бар, ошол тууралуу маек куруп берсеңиз?

– Чыңгызың ким,

Ал сенин комузуң,

Чыңгызың ким,

Ал сенин добушуң.

Чынгыздай уул кызың

көп болсо,

Оо кыргызым, сен басуучу

жол узун — ​

деп улуу акын Темиркул Үмөталиев төрт сап менен баарына түшүнүктүү кыскача жооп айтып койгон. А мен жөнөкөй тил менен кененирээк баяндап сизге жооп узатсам.

Ооба, ушул жылдын 8- февралында улуу жазуучунун 90 жылдык юбилейин өткөзүү боюнча уюштуруучу топ өкмөттүн жалпы кеңешмесинде каралып, маданият жана туризм министрлигинде «Чыңгыз Ордо» комплексин тургузуу боюнча концепцияга бүт Кыргызстан архитекторлордун арасында ачык сынак 19-марттан — ​19-апрелге чейин уюштурулуп, 23-апрелде жыйынтыгы аныкталды.

Сынакка 16 долбоорлор тобу катышып, менин командам жеңүүчү болуп табылды. 17- май 2018- жылы премьер министр М. Абылгазиевдин катышуусу менен уюштуруу комитети долбоордун эскизин колдоп беришти. 16-июндан — ​12-июлга чейин сатып алуулар законунун шарты боюнча кайрадан тендерге сынакка катышып андан да жеңүүчү болдук. 17-августка чейин Ордонун биринчи этабындагы курулуучу жайларына долбоорлоо — ​сметалык документтери бүткөрүлүп, сентябрь айынан курулуш иштери башталды.

— Сынактын өзгөчө бир талапты койгон шарттары болду да? Же эркин көз карашта долбоордун маңызын түзө берсе болот беле?

— Ооба, талап коюлган шарт боюнча долбоор оңой жаралган жок. Шекер айылынын түштүк тарабында бак дарактуу жерден 15 гектар жер аянты өкмөттүн 9-январь 2018-жылкы № 9-токтому менен айыл чарба багытынан мемориалдык тарыхий жайды куруу багытында которулуп берилди. Бул жер өзгөчө тарыхий мааниге ээ болуп, Чыңгыз агай өзү окуган мектептин орду, Ботокөз булак — ​Чыңгыз булак, Ысмайылдын үңкүрү сыяктуу жайлар сакталган жер экен. Азыр бул жерде эч кандай курулуш жок бош болгон жер аянты. 90- жылдары башталып аягына чыкпай калган жазуучунун чыгармаларына 15 чакты скульптуралык айкелдери таштан чегилип коюлуптур. 2013- жылы октябрь айында бул жерге «Чыңгыз Ордо» комплекси курулат деген таш белгиси коюлган. Биз долбоорду түзүүдө ар кандай варианта издендик. Себеби бош жерге каалагандай архитектуралык композициялык чыгармаларын жарата берсе болот. Бирок Чыңгыз агайдын урматына багытталгандан кийин бул келечектеги ордо кандай болушу керек деген суроону өзүбүзгө коюп бүт чыгармаларын кайрадан окуп чыгып, сценарийин түздүк. Бул ордо келечекте ачык асман алдындагы сырткы элементтерден турган бир канча мүнөздөмөдөн болуп комплекстин мааңызын түзөт. Бул жерге келген коноктор эч бир музей түрүндөгу жалпы жайга кирбестен эле сырткы чөйрөдө басып жүрүп Чыңгыз агайдын чыгармаларына, образдарына аралашып кетсе болот. Бул ордо келечекте Талас өрөөнүндөгү Манас Ордо сыяктуу эле туристтик маанилүү жайга айланып кетишине толук ылайыктуу.

— Бул ордонун курулушу жалпы Кыргыз эли үчүн абдан актуалдуу. Ошол вазийпа сизге жүктөлүп турганга сыймыктанаар белеңиз?

— Албетте сыймыктанам. Бул суроого жооп берүүдө мен бир нерселерди эскере кетсем. 1988- жылдары Абдылдажан Акматалиев уюштурган «Айтматов клубу» азыркы Баялинов мурдагы Чернышевский китепканасынын залында кезектеги чогулуш отурумун өткөзүп жаткан. Мен дагы ал клубка мүчө болчумун. Залдагы кыргыз интеллигенциясы агайдын чыгармаларын талкуулап жатышкан. Ошондо залдагыларга менден бир жакшы ой айтылып кетти. «Биз Чынгыз агайдын чыгармаларын окуу менен өзүбүзгө бир жан азык булак катары колдонуп, чыгармаларын окуу менен бирге ар бирибиз өзүбүздүн деңгээлде жакшы чыгармаларды жаратсак. Мисалы мен архитектормун, агайдын чыгармаларынын негизи менен «Биринчи мугалим» китебинин өзөгүндө өзгөчө бир улуттук колориттеги кыргыз мектебин түзсөм деген оюм бар» — ​деп жар салып жибербейминби. Залдагылар бүт колдошуп абдан туура дегендей баасын беришкен. Тыныгуу убагында маркум Сабыр Иптаров агай басып келип «Сиз жакшы сунуш киргизип жатасыз. Ошол оюңузду ишке ашырыңыз» — ​деп жакшы тилегин айткан.

Андан бери көр пенделик өмүрлөр турмуштун шары менен өтө берди. Пенденин оозунда, алланын кулагында дегендей мына ошол вазийпа 2018 -жылы жараткандан мага сунушталып отурат. Бул өтө оор жүк, бир тарабынан чоң сыймык. Менин өмүр жолумдагы негизги чыгармалар болуп мектеп, музей, мечит — ​медресе жана башка коомдук тарыхый жайлар болуп эсептелип келген. Эми ушул көп жылдардан бери турмуштук топтолгон кесиптик тажрыйбага таянып бул маанилүү ордо комплексти келечек муундар үчүн, кыргыз элим үчүн өзгөчө бир тарыхый жайга айландыруу мен үчүн абдан жоопту чоң милдет.

— Мамасыдык мырза улуу жазуучуга арналган комплекс Шекер айылына курулбай, Бишкек шаарында эле Айтматов борбору түзүлсө деген кээ бир ой сунуштар макалаларда болду эле. Буга сиз кандай көз караштасыз?

— Чыңгыз Айтматов «Манас атанын ак кар, көк музу аттуу очеркинде» -ар булактын чордону бар сыңары, Мекен деген алп сөздүн кут түшкөн очок сыяктуу, алакандай борбору болот эмеспи. «Менин мекеним — ​Шекер айылы… Шекерге жакындаарда ар качан жүрөк толкуйт» — ​деп жазганы бар.

Чыңгыз Айтматов бул тирүүлүктө чагылган сыяктуу бир жарк эткен, Ала Тоонун чакан айылынан ааламга нуру чачыраган Улуу жазуучу.

Шекерде туулуп өскөн. Айтматов таланты менен Ала Тоодон ааламга үн салып көркөм дөөлөттөрдү жаратты. Улуу жазуучунун чыгармалары аркылуу дүйнө эли кыргыздын маданияты, каада -салты, үрп -адаты жана дүйнө таанымы менен жакындан тааныш болду. Дүйнөнү калеми менен багындырган кыргыздын чыгаан уулу Чыңгыз Айтматовдун ааламы чексиз. Ойчулдун артында чоң мурасы кыргызга эле эмес дүйнө элине дагы кенч болуп калды.

Шекер айылына качан болбосун Айтматовду аздектеген адамдар алыс жакын дебей ат башын буруп кайрылып өтөөрү турган иш. Бул айыл анын далай чыгармаларына өзөк болуп улуу жазуучунун ыйык сезимдерин, талант көрөңгөсүн багып өстүргөн. Улуу каармандар ушул айылда жашаган жөнөкөй карапайым элдин образдарынан жаралган.

Ошондуктан кээ бирлерибиз Шекерге мындай өзгөчө комплексти курунун кереги жок, ал Бишкек шаарында болсо деп чаташтырып жатышат. Бишкекте каалайбызбы, каалабайбызбы ал борбор өзүнөн өзү түптөлүп пайда боло берет. Ал борбордун функционалдык мааниси Шекердеги комплекстен түп тамырынан башкача болуп ал дүйнөдөгү эң асыл нерселерге: улуттун рухуна, илимге, искусствого, элдердин жана маданияттардын ортосундагы диалогдорду өнүктүрүүгө, агартуучулукка кызмат кылган өзгөчө жай болуп эсептелет.

Шекердеги «Чыңгыз Ордо» комплекси бул жөнөкөй эле ачык асман алдындагы көркөм архитектуралык элементтерден түзүлгөн Улуу жазуучунун ааламын чагылдырган чакан өзгөчө бир ажайып чөйрө болот. Улуу жазуучу өзүнүн бир макаласында — ​«эгер мен аалам койнун аралаган космикалык саякатта жүрүп, жер жөнүндө ойлончу болсом сөзсүз аны өз айылым Шекердин образы аркылуу элестетээрим бышык» — ​деп эскерген.

«Ар дайым Шекерге келген сапарында Ботокөз булак — ​Чыңгыз булакка кайрылып ал жерден өзү да Жер Эне менен баарлашып улуу чыгармалардын өзөгүн ушул жерден түптөп кетээр эле» — ​деп Мундузбек Тентимишев менен Оморбай Нарбеков өз китебинде эскеришет.

Ошондуктан бул комплекстин курулушу абдан маанилүү. Алыстан жакындан Айтматовдун элесине зыярат кылып келгендер үчүн бул жер руханий дүйнөнү байытып, Айтматов бапестеген Жер Энеге таазим этип турушкан, өзгөчө бир таланттардын сезимин козгогон мекеге айланат деп эсептейм. Бул жөн кана кызганыч ойдон эмес, эгерде биз Шекерге ушул комплексти тургузуп калсак, агайдын арбагы дагы агарып, ыраазы болуп жараткандын алдындагы чоң жалпыбыздын милдетибиз аткарылган болоор эле.

— Эми долбоордун маңызын жалпылап түшүндүрүп берсеңиз? Курулуштар тургузулгуча бул жалпы элибизге деле билгенге кызыктуу болуш керек?

— Комплекстин жалпы маңызы китептин ар кандай моделинин аркасында түзүлгөн архитектуралык элементтерден болот. Эң алгачкы ордонун дарбазасына туш болобуз. Ал эки тарабында үчтөн китеп түрүндөгү тирөөчтөн болуп үстү жагы калем уч сыяктуу образды берип ага агайдын өз сунушу менен сүрөтчү Теодор Герценге даярдаткан өзгөчө композициялык экслибр орнотулат. Андан нары конокторго ылайык унаа токтотуучу жайы болуп эң алгачкы жеринде кенен сахнасы менен амфитеатр тургузулат.

Бул жерде агайдын чыгармаларына байланыштуу чыгармалар ар дайым сахналаштырылып коюлуп, кинолору тынымсыз көрсөтүлүп турмакчы.

Ушул жерден баштап шырдак сымал жер үстүнө төшөлгөн аллеялар аркылуу агайдын чыгармаларына арналган китеп түрүндөгү моделдер коюлуп, ага ар тилде жазылган түшүндүрмөлөр берилип, каптал жагындагы чөнтөкчө аянттарында ар кайсы образдагы айкелдердин комплекстери орнотулат. Бул аллеядагы басып келе жаткан адам өзү эле таанышып сырткы отургучтагы китепчелерден окуп көрүп ачык асман алдындагы музейди көрүп чыгат. Композициянын эң төр бөлүгүндө 40 метрлик диаметрдеги «Жер Эненин» модели тургузулуп анын үстүнө Чыңгыз агайдын айкели коюлат. Агайдын чыгармаларындагы негизги философия: дүйнөнү сактоо менен Жер Энени көздүн карегиндей ыйык тутуу болуп эсептелген.

Эң арткы тарабын жалпы толуктоочу ажар болуп китеп сымал бийиктеги 19 метр мунара болот. Анын үстүңкү бөлүгүндө «Эрте жаздагы турналар» чыгармасынын негизинде учуп бара жаткан каркыралардын образдуу айкелдери орнотулат. Бул мунарага агайдын төмөндөгүдөй саптары жазылып коюлат. «Мен болгону үйүрүндө учуп бараткан канаттуу кушмун. Мен каркырамын. Караңгы түндө жылдыздарды көздөй учуп баратып өз оюмду ойлой берем. Кудайга жана адамдарга айтып ыйлай берем. О адамдар, жерге этият болгула, ийиниңер жеңилдесин! Силерди адамдар, кырсыктардан, тыйылбаган кандуу уруштардан, кайрадан оңолуп ордуна келбеген жаман иштерден сактасын».

Келген коноктор ушул жерден нары мурдагы тарыхий жай болуп эсептелген эски мектептин орду, Ботокөз булак — ​Чыңгыз булак, Ысмайылдын үңкүрү менен таанышып артка кайткан убакта жалпы комплексти кыйгачынан кесип өткөн «Саманчынын жолу» деген асман көпүрө менен комплексти үстүнөн карап өтүп кетишет. Бул «Саманчынын жолу» композициябыз түнкүсүн ар кандай ракурстагы жарык берип туруучу элементтин дагы милдетин аткармакчы.

Негизинен бул долбоорду түзүүдө президенттин, өкмөттүн, Жогорку Кеңештин, маданият министрлигинин, архитектура жана курулуш агенттигинин жетекчилери менен биргеликте талкууланып алымча кошумчаларды тактап келүүдөбүз. Дагы ошондой эле бул комплекстин ичинде өзгөчө бир шыктуу мыкты окуучуларды окутуучу лицей, түлөкана, журналисттер үчүн коференция залы, ар кандай улуттук этнографиялык оюндарды көрсөтүп туруучу аянтчалар, руникалык түрдө орнотулган сайма таштар, моло таштар, балбал таштарды тургузууну пландап келүүдөбүз.

12- июль 2018- жылы президент Сооронбай Шарипович Талас өрөөнүнө иш сапары менен келип ордонун долбоорун жеринен таанышып жактырып кетти. Ордо жалпысынан Чыңгыз агайдын 100 жылдыгына чейин буйруса түптөлүп тургузулуп калмакчы. Быйыл каражатка байланыштуу биринчи кана этаптагы курулуштары башталып калды.

— Мамасыдык мырза, бул ордонун долбоорун түзүдө сиз жалгыз эмес экенсиз да. Бул жерде айкелчилер, башка дагы архитекторлордун салымдары барбы?

— Абдан туура суроо койдуңуз. Мени менен биргеликте көп жылдардан бери чыгармачылыкта чогуу иштешип келе жаткан айкелчи мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын ээси, Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген сүрөтчүсү Батырбаев Байысбек байкем үзөңгүлөш автор. Дагы менин өзүмдүн жаш шакирттерим архитекторлор М. Эшимбаев, А. Бектурганов, А. Назаралиевдердин чыгармачылыкка кошкон салымдары бар.

— Сиз Шекер айылында мурда болгон белеңиз. Ошол улуу чыгармалар жаралган айыл сизге кандай таасир берди?

–12 июль 2018- жылы алгачкы жолу Шекер айылына келдим. Алыстан эле Манас атанын, Чыңгыз атанын чокулары заңкайып кулачын керип, Толгонай апа сүйлөшкөн «Жер Эне» мени мээрими менен тосуп алды. Арадан кылым өтүп баратса дагы ошол чыгармалардагы каармандар Дүйшөн, Жамиля, Субанкул, Толгонай, Алима, Танабай, Султанмурат, Ысмайылдардын элеси кадимкидей көзүмө көрүнүп турду. Бул жер дүйнөдөгү Чыңгыздай уулду, залкарды жараткан куттуу ыйык жер экени сезилди. Жан дүйнөм кайрадан дагы бир канчага азык алып жандана түштүм.

Мына бүгүн дагы Өтмөк ашуусунан төмөн көздөй кечки шамдын кыпкызыл күн нуруна оролуп курчалган Талас тоо кыркаларына суктанып, жараткандын бул амирине тооба, шүгүр айтып өрөөнгө өрдөп бара жаттым. Дагы бир жолу «Оо касиеттүү Жер Эне амансыңбы» — ​деп кайрадан учурашуудамын.

Ж. Улукшер

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − 62 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: