Menu

Сокулукта жолдон өтүп бараткан жаранды унаа сүзүп, ал ошол жерден каза болду

Бөлүшүү:

Чүй облусунун  Сокулук районундагы Романовка айылында 40-45 жаш курактагы адамды унаа өлтүрө сүзүп кеткен. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдирди.

Маалым болгондой, жол кырсыгы 8-ноябрь күнү болжол менен саат 20.20 чамасында Романовка айылындагы Фрунзе көчөсүндө болгон. Анда жолдон өтүп бараткан 40-45 жаштардагы эркек кишини “Nissan Primera” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу сүзүп кеткен. Жаракат алган адам ошол жерден көз жумган. Анын өздүгү такталууда. 

Учурда унаанын айдоочусу кармалып, тийиштүү экспертизалар дайындалып, Сокулук РИИБ тарабынан тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 − 72 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: