Калкынын саны килейген бир Нарын облусунун элинин санындай болгон Ош облусунун Кара-Суу районунан чыккан, байкалбай жүрүп алып далай нерсени жасап койгондун мастери Султан Раев деген палванды кимдер гана билбейт, эй. Оо, ал качанкы Султан. Убагына «У надежды не бывает ночи» деген Майрам Акаеванын китебин да шөкөттөп берген ушу Султан Палван экенин айтып чыгышкан ошондо, чыгармачыл чөйрөдөгүлөр. Кечээ жакында эле маданият тармагына жаңы министирди шайлоо алдында Сукебизди Ак үйдүн стенасында туруп алып кайсы бир телевидениеге кеп куруп берип атканын көрүп калдык. Алдындагы титрда жазылып турат, «Султан Раев, президенттин кеңешчиси» деп. Айталы дегенибиз,туризим деген тармакты чаптап койгон Маданият тармагы кандай экенин сизге үйрөтпөй эле коелу. Ал жагынан гроссмейстер эле болуп калдыңыз окшойт. Президенттин кеңешчиси болсоңуз кыясы ошол маданият маселеси боюнча акыл кошчусу болгон го деп түшүнүп атабыз.
Мурдагы Совет доорунда Борбордук Комитеттин Саясий Бюросунун 26 кишиден турган мүчөлөрүнүн үчөөсү маданият тармагынын адамдары болгон эле го. ( так ошол саясий БК бүт өлкөнүн тагдырын чечип турбады беле) Анткени, маданият тармагы жалпы коом үчүн зор роль ойногон да. Ошондуктан не деген гана мамлекет болбосун ал мамлекеттин эли рухий жактан өнүкмөйүн алдыга жылуусу да мүмкүн эмес, бери дегенде маданиятсыз калыптануу өтө оор. Анткенибиз, адамдардын рухий дүйнөсү жакырданса ал өлкөнүн бутуна кайрадан турушу да ошончолук татаал. Кайсы гана мамлекеттин болбосун жакырланышынын негизги фактору да ошондо эмеспи. Бизде азыр ошол көрөңгөлүү маданият деген тармакка азыркы башычыларыбыз туризим жаатын дурус билет дешиппи жап-жаш жигитти алып барып олтургузуп койду. Бирок, маданият туризим менен эле чектелбейт да? (Маданияттын башкы миссиясы адамдарды боорукерликке, абийдүүлүккө, Мекенди сүйө билүүгө да үндөө эмеспи.) Ал эми биздин маданиятыбыздын тармагында өнөр дүйнөсүнүн не деген гана алптары жүрөт. Кыргыз Республикасынын баатырлары, эл жазуучулары, эл акындары, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаттары… дагы-дагы канчалары. Алар биздин мамлекетибиздин кенчи. Биздин жаш министрибиз ушундай улуу чоң чөйрөдө туура багытта иштеп кете алса, анда ал баланын келечеги дагы кеңейээр. Бирок, биздин баамыбызда ошол жаш жигиттин колу менен айрым «ыйкы-тыйкы» оюндар эмитен эле башталгандай түр байкалууда. Ал эмне деген «оюндар» экени туурасында жакынкы сандарыбызда жарыялайбыз го деген ой турат, бизде. Ошондуктан, президенттин акыл кошчусу, урматтуу Султан Акимович, сизге кулак кагыш кылып жатканыбыздын себеби, маданиятыбызды бүгүн бар, эртең жок бийликте жеке кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгы үчүн болгон саясий оюндардан оолак кармоого кудуретиңиз жетээр бекен? Анткени, маданият бир ууч топтун эмес, элдин кенчи эмеспи.
Булак: «Айгай-пресс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ