Menu

«Жоломан» энесин атып салды, унчукпадык?

Бөлүшүү:

Акаев.   Алгач, дал ушул ысымдын Кыргызстандын жа­ратылышы химиялык уу-зат­тарга толгону аз келгенсип, (бул келечектин да коркунучу) миллиарддаган байлыгынан ажырап турат. Азыр эми ка­надалыктар казчусун казып, жечүсүн жеп “кетээр келин” аба­лына жакындап баратат. Эми ошол миң жылдап пайда бол­гон табиятыбызды эч ким ка­лыбына келтире албайт. Макул, “андай эместир” деп жүз жолу өзүбүздү-өзүбүз жооткотолу. Оорбу, жеңилби ар кимибиздин жашообуз Кумтөрсүз деле улана берет дечи. Бийликтегилер де­ле келет, кетет. Бирок, түбөлүк калчу биз жашап жаткан чөй­рөнүн абалы андан ары эмне болот? Анын чыныгы жазасын ким тартат? Канадалык компа­ния менен (1994-жылы) эң чоң кылмыштуу мамлекеттин ошон­дой кооз жаратылышы үчүн сат­кынчылык келишимди башта­ган Акаевби? Тигине, Кумтөр алтын кениндеги экономика­лык көрсөткүчтөрдүн солгундап баратканын 6-октябрда өткөн өкмөттүк жыйында экономика министри Олег Панкратов да расмий билдирди.

«Жаман айтпай жакшы жок» дегендей, минтип туңгуч прези­денттин ысымын аттап жатка­ныбыздын себеби: дал ушул ал­тын маселеси аталган дүйнөлүк аферанын башталышы Аскар Акаевдин өлкөнү башкаруу учу­рунда, «Кумтөрдөгү» чалмакей­дин баары дал ошол учурда жа­ралганы жалганбы? Андагы эге­мендүү Кыргызстандын тунгуч премьер-министри Насирдин Исановдун дүйнөдөн мезгилсиз кеткени да эл оозунда ошол ал­тын чатагына байланылышып жүрөт. Эл ичинде ал сөздөр деле бекеринен айтылбаса керек? Ал кезде Кумтөрдөгү алтын кенин иштетүү боюнча иштер баары жабык, жашыруун түрдө жүр­гүзүлгөн. Мына ушул алтын ма­селеси боюнча маркум Насир­дин Исановдун жубайы Бүбүйна эженин бир учурда ММКларга берген маегинде да көптөгөн табышмактуу ойлор айтылганы бар.

… Анан антип алтын каза­быз дегендер мөлтүрөгөн мөң­гүлөрүбүздүн үстүнө топурак төгө беришип 60 миллиарддан ашык таза суубузду жоготтук. Калдайган беш мөңгүбүздөн ай­рылдык. (Так ушу суу маселеси боюнча дүйнөдө азыр эмне де­ген гана коңгуроолор кагылып жатат. Таза суу боюнча мындан 10 жыл мурун эле Шейцарияда өткөн экономикалык форумда үрөй учурган мындай факты­лар айтылган: “2025-жылы жер планетасындагы жалпы адам­заттын 50 пайызы суу көйгөй­үнө тушукса, 2050-жылы дүйнө элдеринин 75 пайызы таза суу­нун таңсыздыгына кириптер болушат” деп.) Дагы бир түй­шөлткөнү, ал жерде миңдеген тонна уулуу заттар Нарын да­рыясынын башаты болгон 360 гектардан ашык борпоң жерге көмүлгөнүндө. Азыр да көмүлүп жатса керек. Анын көлөмү 60 миллион тоннадан ашты. Алар­дын 30 миллион тоннадан ашы­гы өтө коркунучтуу уулуу зат делген цианид, дагы бир канча тоннасы радиоактивдүү заттар. Мындай көрсөткүчтөгү маалы­маттар 2013-жылы эле айтыл­ган. Эми андан дагы көбөйсө керек. Жаратканым жаманды­ктын бетин ары кылсын, ко­кус ал заттар непадам тосмону бузуп кетсе канадалыктардын “каткан” ири көлөмдөгү ошол уу заттары Нарын дарыясына кошулчу өзөндөргө барып куй­аары толук мүмкүн. Андай кы­рдаал Японияда болгон Фуки­симо трагедиясынан кем кал­баган алааматтын бир түгөйү дегендик. Деги эле ошол жүрөк өйүткөн уулуу зат калдыктары бир эле Нарын дарыясынын боюндагы жашаган калк эмес, бүтүндөй Сыр- Дарыянын боюн­да жашаган элдер үчүн да опур­талдуу. “Жок, андай эмес” деп эч ким кепилдик бере алас? Ал эми Сыр-Дарыянын жээгинде болсо казактар менен өзбектер да оту­рукташкан. Андай коркунучтун залалын айтууга ооз эмес, дит барбайт. (тфү-тфү!)

… Адам менен табияттын байланышы боюнча дүйнө эл­деринде жок “Кожожаш” деген дастаныбыз бар. Анда жалпы адамзатын элеси Кожожаш ар­кылуу берилсе, табияттын эле­си Сур эчки аркылуу берилген. Ошондо кайберендин тукумун улантуучу Алабаш текени Кожо­жаш атып өлтүргөндөн кийин, мергенчиден өч алыш үчүн аны алдап, адаштырып, азгырып ол­туруп аны кайра түшө албас бир зоого такап салат. Ошондо Сур эчки: “ар бир кылган ишиңе эч бир дабаа кылбасын, аскада ту­руп саргайып, арманда өлсүн бир башың” деп каргап турат. Сур эчкинин бул каргаганы табигаттын каргаганы. Анын сыңарындай жер планетасында “улуу табиятка аяр мамиле кыл­гыла!” деген ураан деле жөн эле айтылбаса керек. Табият демек­чи, дүйнөлүк масштабдагы улуу саясий ишмер, чыгаан философ Фридрих Энгельстин да: “Адам­зат табиятты жеңет. Бирок, ка­чандыр бир кезде ал үчүн табият адамзаттан аесуз өчүн алат” деп айтканы бар”. Ал эми «алтын­дын түбү, тилеги да жаман» – деп илгерки акылман бабаларыбыз деле бекеринен айтпаса керек. Чындап келгенде алтындай акылы бар Аскар Акаевди жер безер, эл безер кылган, Максим Бакиев болсо алтындан чүкө жа­сатып, аны эрмек катары калчап отуруп, антип тоголок дөөлөткө ашепке кутуруп атасынын да, ага –туугандарынын да түбүнө жеткиргенинин башкы себеби- ушул алтын болгон.

Тунгуч президенттин дарегине курулай доомат ыргытты дегендер болсо, жогоруда айтылган кептер кургак болбош үчүн мындан 24 жыл мурдагы ошол дүйнөлүк аферага ка­рата болгон окуяны дагы бир ириет эстеп көрсөк. Кумтөрдүн алгачкы ча­тагы кандай бүткөн? Ал кездеги, азыр баарыбыз сыймыктануу менен эске­рип жүргөн, (бүгүнкү эл өкүлдөрүнөн кыйла айырмаланган ) чындап элдин, өлкөнүн кызыкчылыгын алдыңкы ка­тарга койгон легендарлуу парламент­тин таркатылышына эмне себепкер болон? Эмне үчүн мамлекеттин кы­зыкчылыгы үчүн иштеп жаткан ошол легендарлуу парламент эл душманда­рындай таркатылган? Бул туурасын­да ал кездеги парламенттин спикери Медеткан Шеримкуловдун кийин­черээк массалык маалымат каражат­тарына берген маегинде чечмелен­ген. Анда ал киши Жогорку Кеңеш­тин жасалма жол менен жоюлганы туурасында негизки эки себебин бел­гилеген. Биринчиси: өтө чоң мандем жараткан “Камеко” деген компанияга Кумтөрдү берүү. Ал кездеги мамле­кеттин башындагы эң жогорку дара­жалуу жетекчилердин Республика­нын алтын запасына жоопкерчилик­сиз мамиле кылуусу. Экинчиси: өл­көгө агылып келген кредиттер, (мал жандуу кыргыз баласына ал кездеги айыл-чарбасын башкарган ишмерлер бир кочкорду 4 миң долларга тээти­ги бир жердин түбүнөн, анан да кли­маты дегеле биздин Ала-Тообуздун абасына коошпогон жактан алып келишкен сыяктуу ысырапкорчулук­тар сыяктуу-ред.) жана да өлкөдөгү менчиктештирүүлөр өтө эле мыйзам бузуулар менен коштолгонунда бол­гон. Жогорку Кеңеш ушул эки маселе боюнча коммиссия түзүп, андагы жо­сунсуз жоруктарды аныктап чыккан. Ушулардын баары 1994-жылы күзгү сессияда ачыкка чыкмак. Аскар Ака­евди мына ушулар чочуткан” деген эле, легендарлуу парламенттин ал кездеги төрагасы. Тактык үчүн Ме­деткан Шеримкуловдун ошол кездер­де ММКларга берген маегин окур­мандарга сунуштайбыз.

«-Говорят, что причиной роспу­ска легендарного парламента стала конфликт вокруг золота. Почему комиссия не смогла об­народовать найденные юриди­ческие факты, доказывающие безответственное отношение Акаева к запасам золота?

-Вопросы золота стояли еще до нача­ла Кумтора. Потому что начали гово­рить и о других золотых месторожде­ниях, кроме Макмала. В то время мы составили специальную комиссию, во главе которой стоял Турдакун Усу­балиев, депутат, уважаемый старей­шина, который руководил республи­кой 25 лет. Отчет той комиссии был объявлен во все тогдашние СМИ, роз­дан всем депутатом. Тогда же, еще до Кумтора, всё золото Кыргызстана бессчетно и безнадзорно поступало в карманы других частных лиц. И было открыто сказано, что за этими людь­ми стоят фигуры Акаева и других ру­ководителей республики. Все это бы­ло сказано и объявлено в одно время. То, что вы назвали одной из причин, приведшей к парламентскому кризису сентября 1994 года, вопрос о Кумторе – верно, я с этим полностью согласен. Потому что глава правительства не поддержал и не пришел на собрание в мае 1994 года, когда мы пытались поднять этот вопрос. Как только закон­чилось наше собрание, Акаевским ука­зом правительству дали приказ под­писать соглашение с Камеко о Кумто­ре. Правительство было вынуждено его подписать. Этот вопрос должен был рассмотреться и на осенней сес­сии. Потому что некоторые депутаты считали неправильным подписанное правительством соглашение и хотели высказать свои мнения. Мы не смог­ли провести нашу последнюю сессию из-за того, что во время сессии вопрос о Кумторе мог перерасти в большой скандал. Некоторые руководители правительства, особенно руководите­ли исполнительной власти, поняли это и то, что из-за скандала откроются их истинные лица. Они не допустили на­ших депутатов на осеннюю сессию, не дали им разрешения на кворум, и вот поэтому мы не смогли провести нашу последнюю сессию. Все говорят, что легендарный парламент распустил Акаев. Легендарный парламент ни­когда не распускался, и не было указа президента о его роспуске. И не было решения Жогорку Кенеша о том, что мы сами распустимся. Единственное – то, что депутатов не допустили на осеннюю сессию и кворум не состо­ялся. Президиум Жогорку Кенеша до последнего выполнял свою работу.»

Кенжебек Арыкбаев

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

69 − 68 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: