Мен жөнөкөй окурман катары Качкынбай Осмоналиевке “Көчмөндөр кагылышы” деген китебин окуп чыгып, баа берип, ушул макаламды жазайын деп чечтим. Бул чыгарманы жазган автордун өзгөчөлүгү жөнүндө сөз козгоону эп көрдүм. Мен бул чыгарманы бир эмес, эки сыйра окуп чыктым. Кээ бир жерлерин кайталап бир нече жолу окудум. Бул китеп келерки муундарга баа жеткиз байлык деп айтсам болот. Эмне үчүн дегенде, бул чыгармада нукура байыркы кыргыз тили менен жазылган. Бул китеп кыргыздын санжырасы, каада салтардын энциклопедиясы, кыргыз жергесинин кереметүү табиятынын сүрөтү, кыргыздын 18 – 19 кылымдагы тарыхы жана жашоо турмушу. Дагы белгилей турган нерсе- Качкынбай Осмоналиевдин бул чыгармасы ата бабалардан калган эч кагазга түшүрүлбөгөн кыргыз элинин философиясы деп айтсак болот.
Ал кишинин сөз чеберчилигине кыскача токтоло кетсем, К. Осмоналиев китебинде каармандарын ушунчалык таамай сүрөттөгөн, тим эле окуп жатып көз алдыңда, кинодон көрүп тургандай элестетесиң. Кайсы бир жерлеринде ошол эле каарманынын ар учурда ал ахыбалынын сүрөттөлүшү укмуш! Ал эми, жан жаныбарлардын көрүнүшү, алардын түсү, кыймылы, кыялдары таамай берилгеничи. Куштардын канат кагышы, үн чыгарганы, кыймыл аракеттери ушунчалык чебер сөз менен чагылдырылган. Ар бир жердин сүрөттөлүшү, табияттын кооздугу өзгөчө орунду ээлейт. “Ат адамдын канаты” дегендей кыргыз турмушунда бирге жашап келе жаткан жылкы жөнүндө китебинде өзгөчө орун алган. Ар бир атактуу жылкыны кадимки сынчыдай сынап таамай сүрөтөй алган. Китепте нукура кыргыздын тили менен айкалыштырып илгерки акылман инсандардын накыл сөздөрү, кыргыздын макал лакаптары, уламыштар кеңири колдонгон. Бул китепти окуп жатып анык ишенсе болот, кыргыздын эбегейсиз сөз байлыгына.
Тарыхый жагын алсак, түндүк кыргыздардын, аны менен чектеш казак элинин 18 – 19 -кылымдардагы катнашы, мамилелери кенен жазылган. Өзүнчө бөлүк болуп кыргыздардын орус эли менен биргелешип жашоого умтулгандыгы, анын ишке ашыруу түшүнүгү жана тосколдуктар кеңири баяндалган. (Кээ бир фактылар мезгил менен так келишпей калышы мүмкүн – ал чыгамачыл адам үчүн кечиримдүү. ) Мен бул чыгарманы жактоо менен бирге эмне айткым келет? Кыргыз тилин өркүндөтүү үчүн мыйзам кабыл алганына мына 17 жыл өттү. Бул мөөнөткө салыштыруу менен карасак ишибиз дээрлик алдыга жылган жок.
Менин оюмча, кыргыз тилин, мыйзам менен таңуулаган туура эмес. Андан көрөкчө жогоруда айткан чыгармаларды элге кенен жайылтып, аны даңазалоо керек. Мына ушуну менен жанакы мамлекетибизде уюшулган тил комиссиясы дегени иштеши керек. Алар бир жылда бир жолу сентябрь айынын тегерегинде конференция, жыйын өткөргөүнө, ошого курсант болгондой. Алардын “бизди жаман атты кылып жатат” деген актанууларына мен бир эле мисал келтирейин – аныбызды биздин мамлекетибизде каптап кеткен жарнамалар далилдейт. Айылда бир ишмер, кепедей болгон дүкөнүнүн атын англис тамгалар менен “NARISTE” деп койгон. Ал эми борборубуз Бишкекте жарнамаларды кыргыз тилинде жазгандарын окусаң таң каласын – бул шаарда кыргыз тилин билгендер калбай калганбы депген да ой келет.
Макаламдын соңунда дагы бир сыйра айтайын дедим эле – биздин коомчулук быйыл залкар жазучубуз Чынгыз 90 жылдыгын белгилеп, анын чыгармачылыгын даңазалап жатпайбы. Мына ошондой кылып башка сөз чеберлерин да даңазалашы абзел. Андай адамдар бизде көп; кара сөздүн анык чеберлери калемгерлер Түгөлбай Сыдыкбеков, Касымалы Жантөшөв, акындар Алыкул Осмонов, Байдылда Сарногоев жана башка элге белгилүү алп инсандар. Ушундай аракет аркылуу кыргыздын сөз байлыгын баалап жаш муундарга жеткизсек – жанакы эне тилибизди өркүндөтүү максатыбына тез жетет элек.
Молдокул Жайламышев
Булак: «Айгай-пресс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ