Menu

Феликс Кулов, Роза Отунбаева Москвага барып Бабанов менен жолукканы чынбы?

Бөлүшүү:

Жарым миллиондон көп шайлоочуларынын ишенимин актабай, өзүнүн керт башын ойлоп Кыргызстандан чыгып кеткен Өмүрбек Бабанов акыркы учурларда “Өмүрбек Бабановдун өлкөгө кайтып келүүсүнө бийлик уруксат берсе, ал экономиканы көтөрүүгө чоң салым кошмок” деп өзүнө жакын саясатчы-досторунун оозу менен айттырып, бийликтин тамырын тартып көрдү. Анын бул аракетинен майнап чыкпай турганы түшүнүктүү болбодубу. Кайтып келе турган болсо эле Сооронбай Жээнбеков дебатта айткан суроолору берилип, коррупция менен күрөш ага да жетерине көзү жетти. Азыр “Бабанов келсе жыргализмге карай бир кадам таштамакпыз” дегендердин үнү солгундап калды. Жакында эле Роза Отунбаева, Феликс Кулов Москвада Бабанов менен жолукканы, биз бийлик менен сүйлөшүп, ишти бүтүрөбүз, көпүрөлүк кызматты аркалайбыз, өлкөгө келе бер деген таризде сунуштарын айтышкан экен. Бабанов “Мен азыр өлкөгө бара албайм, барсам эле сөзсүз кылмыш ишине дуушар болом. Коррупциялык иштер ачылат. Бул жакта эле жүргөнүм артык” деген жообун узатканы, анын коркок саясатчы экенин далилдейт да, туурабы? Духу бар саясатчы болсо өзүнүн ак экенин качпай, бул жакта эле далилдеп коймок.

Булак: “Жаңы ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 + = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: