Menu

Алтынбек Сулаймановду сындагандар – куурай башын сындырганга жарабагандар

Бөлүшүү:

“Бир Бол” партиясынын, Жогорку Кеңештеги “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулаймановго ыгы келбесе да асылып, алыстан үргөндөр чыгууда. Кимдер болмок эле? Көк жалга жакын баруудан тайсалдап, куйругун чатына кыпчый калган кандектин элесин тарткандар. Илмиянов камалгандан бери “Убагында Икрамдан саясий колдоо алган, анын алдында бөжөңдөп  жүргөн…” деген, адамдын күлкүсүн келтирчү сөздөр. Сулайманов бирөөнүн алдында бөжөңдөгөнүн ушул убакка чейин эч ким көрмөк турсун, уккан эмес. Жигитче жүргөнүн баарыбыз эле билебиз. Ага бөжөңдөп кызмат кылуу жат нерсе. Сөздү, маселени эркекче чечкенин “кандектер” өздөрү да көргөн. Алтынбектин жигитче шар жүргөнү, саясатчылардын арасында аброй алып келгенин ким тана алат? Кыргыздын дагы бир мыкты уулу Камчыбек Ташиев менен Алтынбек Сулайманов парламентте капыл-тапылдан карс-курс боло кеткенде, Талант Мамытов деген депутаттын Сулаймановго атырылганын көргөн Марат Султанов “КАМАЗ” менен “Тико” сүзүшөм дегендей эле болуп жатат” деп мыйыгынан күлгөн эле. Султанов ошондо күлкүлүү болгону менен так аныктама айтып салган. Азыр да үрүп жаткандар өздөрүнүн кандек экенин сезишпей, көк жалга асылып жатат.

Ар бир мезгилдин өз каармандары, көк жалдар болуп келген, дагы да боло бермекчи. Алардын бири – жигитчилик, атуулдук позициясы менен улуу журттун туусун көтөрүп жүргөн, калктын башына мүшкүл иш түшкөндө каруусун канжыгага байлап, камчыны кырча тиштеп,  казатка аттанууга даяр турган Алтынбек Сулайманов десе ким талаша алат?! Ал өзүнө мүнөздүү токтоолугу, парасаттуулугунан улам, айрымдарга окшоп төш кагып, ашкере мактоого зар эмес экени айгине.

Алтынбектин саясий жүрүшү эволюциялык мүнөзгө ээ болуп, куру чечендикти, куру убаданы, куру намысты ашкерелеген бийик адамдык ариети, сөзгө бекем мырзалыгы менен коомчулуктун көзүнө илинди. Ал кырда отуруп алып “кыргызмын” деп кыйкыргандардын көзүн ачкан өз элинин нагыз мекенчил ата-уулу. Сөзгө конок берүү, сөздү сыйлоо, сөздү аткара билүү ар кимдин эле колунан келе бербейт. Сулаймановдун саясый ишмердүүлүгүндө жасаган иши менен сөзү төп келгенин мезгил ырастап келатат. Эң башкысы улуттук баалуулуктарды даңазалоодо анын эмгеги өзгөчө. Демек, бул атанын мээриминен, апанын ууз сүтүнөн канга сиңген мекенчилдик, ыйык даражаны катуу кастарлаганын тастыктайт.

Алтынбек Сулаймановдун парламенттеги ишмердүүлүгү, кыргыз элине жасаган кайрымдуулук иштери, мекенчил көз караштары тууралуу буга чейин өтө көп жазылды. Дал ушундай жөнөкөйлүктөн бийиктикти көздөгөн коомдук ишмер катары иш аракети анын саясый чөйрөдө өз ордун табууга өбөлгө түзө алды. Үргөнгө гана жарагандар өлкө үчүн эмес, өз үй-бүлөсү үчүн жарытылуу иш жасай алды бекен деги? Бирөөгө бөжөңдөп жүргөндөр башкаларды дагы өздөрүндөй көрүшөт экен да. Айланасында жалаң “бөжөңбайлар” чогулса, жигиттик, мырзалык эмне экенин кайдан билишмек эле.

Наралы Асанбаев

Булак: “Жаңы ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 + = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: