Жалал-Абад облусунда белгисиз адам тарабынан бычакталган журналист Санрабия Сатыбалдиева милицияга арыз жазуудан баш тартты. Бул тууралуу журналист өзү билдирди.
“Окуядан кийин ар кандай суроолорго жооп берип жатып чарчадым. Сиз сүрөттөп берген адам табылбай калса жалган көрсөтмө бергендигиңиз үчүн өзүңүзгө кылмыш иши козголот дешти. Ошондуктан арыз жазуудан баш тарттым”,- деди Сатыбалдиева.
Учурда журналист ооруканада, абалы жакшы.
Эскерте кетсек, кечээ 9-ноябрда Жалал-Абад облусунда “YouTube” сайтындагы “Malina TV” каналынын жетекчиси Санрабия Сатыбалдиеваны үйүнүн жанынан белгисиз адам бычактап кеткендиги тууралуу маалымат тараган.
Булак: Kyrgyztoday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ