Menu

Жекшенкуловду жээригендер кимдер?

Бөлүшүү:

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев кызматын өз каалоосу менен тапшырып кеткенден кийин, анын ордуна ким министр болуп олтуруп калат деген кызыгуу коомчулукта катуу талкуу жараткан. Азыркы министр Чыңгыз Айдарбеков креслону ээлеп калат деп көпчүлүк күткөн эмес. Мамлекеттин жүзү болчу министрликке алгач дасыккан дипломат Аликбек Жекшенкуловдун талапкерлиги жактырылып, өзү менен да сүйлөшүү болгону эми ачыкталып жатат. Жекшенкулов дагы бул орунга барууга макулдугун бергени маалым болду. Баары ТИМге Аликбек Жекшенкулов бармай болду, татыктуу кадр тандалды деп кудуңдап жүргөн кезде, Ак үйдүн билермандары акыркы мүнөттөрдө Жекшенкуловдун фамилиясын чийип салып, аны жээригени эмнеси ыя? Жекшенкулов ТИМди башкарып калганда, Лавров Россияны эл аралык аренада кандай деңгээлде көрсөтө алса, биздин министр дагы ошондой иш алып бармак да. Ак үй билермандары бул өңүттө кыска ой жүгүрткөнү жакшы эмес. Чыңгыз Айдарбековду Жекшенкуловго жок дегенде бир жылдан ашык орун басар кылып бышырып туруп, андан кийин алып келсе деле туура болмок.

Булак: “Жаңы ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − 65 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: