Menu

Фото – Камчыбек Ташиев уулу Таймурасты модель кыз Эркайымга үйлөнтүп, той берди

Бөлүшүү:

Кечээ, 9-ноябрдын кечинде Бишкектеги “Версаль” ресторанында кадимки Камчыбек Ташиев уулу Таймурасты сулуулар сынактарында ийгиликтерге жетип жүргөн модель кыз Эркайымга үйлөнтүп той берди.

Кудалары Бишкектик болгону менен түпкү теги Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айылынан болуп чыкты.

Президент Сооронбай Жээнбековдун атынан Ташиевдердин үй-бүлөсүнө куттуктоону КР Президенти менен өкмөтүнүн иш башкаруучусу Турдуназир Бекбоев окуп берип, куттуктады.

Ал эми экс-спикер Асилбек Жээнбеков тойго өзү катышып, жаштарга жылуу каалоо-тилектерин өз оозу менен арнады.

Жаштардын өкүл атасы болуп Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Кубанычбек Коңгайтиев дайындалып, ал киши жаштарга өз балдарындай кам көрөрүн көпчүлүктүн алдында убада кылды.

Камчыке өзү намазга жыгылганына байланыштуубу же башка себептери барбы, айтор тойдо спирт ичимдиктери берилбегени жакшы жөрөлгө болду, бирок ага карабай той шайыр маанайда, шатыра-шатман өтүп, арак-шарапсыз эле жакшы той өткөрүүгө болорун далилдеди.

Баса, арак-шарап берилбегендиктен тойго барган 500дөй киши сопсоо олтурса, бир гана киши – экс транспорт министри Нурлан Сулайманов кайдан-жайдан мас болуп алып, микрофон талашып, өкүрүп ырдап жүргөнү кызык болду. “Ар бир тойдо сөзсүз түрдө бир мас болот да, бүгүнкү тойдун баатыры Нурлан Сулайманов болду” деп кыткылыктап жатышты депутаттар.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 + = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: