Бир кезде өзү спикер, досу президент болуп турганда Алмаз Атамбаевди “апендинин кызындай” мактап жүргөн Ахмат Келдибеков ага таарынгандан кийин аны сындап “баатыр” болуп чыга калды.
“Атамбаев Конституцияда экономиканы башкаруу боюнча ыйгарым укуктары каралбаса да олтуруп албай, чет элдерге барып, кредит таап, акча алып келип, экономика үчүн жакшы иш жасады”, – деп мактайт досун Келдибеков.
Муну менен биринчиден, Келдибеков Атамбаевдин Конституцияда жок ыйгарым укуктарды өзүнө ыйгарып алып, бийликти узурпациялап жатканын сындабай, колдоп келгендигин көрсөтөт. Экинчиден, Кыргызстанды эпсиз карызга батырган Атамбаевдик режимдин “кайырчылык” саясатын сүрөп жүргөнүн билүүгө болот. Атамбаев ал карыздарды эмне үчүн алганын жана ал акчалардын жарымынан көбү уурдалып кеткенин бүгүн коомчулук так билип олтурат. Коррупционерлерди өлкөнүн экономикасы ойлонтпой эле, ал карыздардан түшө турган “откаттардын” өлчөмү кызыктырып келгени айдан ачык. Кыргыз мамлекетин мына ушундай “экономисттер” башкарып олтуруп сазга батырышты.
Ошол эле учурда Атамбаев досу Келдибеков тууралу эмнелерди айтып келди?
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ