Menu

Видео – “Биз кечирбейбиз! Уурулар мамлекеттик резиденцияда эмес, түрмөдө отурушу керек!” Студенттер депутаттар менен министрлерге каршы акция башташты

Бөлүшүү:

Монголиянын чет элдик университеттерде окуган суденттери коррупционер чиновниктерге каршы онлайн түрдө нааразычылыктарын билдире башташты. Бул тууралуу Asiarussia сайты жазып чыкты.

Акция Монголиянын бюджетин уурдашкан чиновниктерге жана Кичи жана орто бизнести колдоо фондунан 1,3 млн  долларды мыйзамсыз чыгымдашкан парламенттин депутаттары менен өкмөттүн министрлерине каршы багытталган.

“Биз кечирбейбиз! Уурулар мамлекеттик резиденцияда эмес, абакта отурушу керек!” – деген ураан менен Тайбэйдеги Формозы улуттук университетинин монгол студенттери акцияны башташкан.

“Унчукпай олтурсак, биздин бул уурулардан айырмабыз жок болуп калат. Ошол үчүн “Биз эч качан кечирбейбиз!” деген акцияны баштайбыз!”, – дейт алар.

Эскерте кетсек, жакында эле Монголиянын таасирдүү аткаминерлери бул Кичи жана орто бизнести колдоо фондунан өздөрүнүн фирмаларына же үй-бүлөсүнө тийиштүү жеке компанияларына төмөнкү пайызда насыяларды алышкан. Шектелгендердин арасында Монголиянын депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, башкы прокурору, Эсеп палатасынын башчысы жана Чалгын кызматынын төрагасы бар.

Акцияга чыккан студенттердин максаты жалпы маалымат каражаттарынын жардамы менен бул акцияны улантуу. Алардын айтымында массалык митингдер жардам бербейт. Ал эми ЖМК аркылуу тараган маалымат майнап чыгарышы мүмкүн.

Жогоруда аты аталган акцияга Түркиянын Измир шаарындагы монголиялык студенттер жана Америкада жайгашкан кээ бир университеттердин студенттери да катыша башташкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 − 46 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: